ИИМ: “Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө Калыйбек Элтуйбасовдун тийешеси жок”

ИИМ: “Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө Калыйбек Элтуйбасовдун тийешеси жок”

2014-жылдын 10-мартында, студент Камила Дүйшөбаева жоголуп, бир жумадан кийин, анын муздак денеси “Байтик” айылынын мүрзөсүнөн табылган. Анын киши колдуу болгону, кимдир бирөөнүн колунан муунтулуп өлтүрүлгөнү такталган. 4 жылдан бери табышмактуу өлүмдүн бети дагы деле ачыла элек. ИИМдеги Криминалдык милиция кызматынан башчысы Нурбек Абдиевдин айтымында, кээ бир кылмыш иштердин бетин ачуу үчүн 5 жылга чейин убакыт кетет. Учурда бул окуя боюнча тергөө жүрүүдө.

Буга чейин Камила Дүйшөбаеванын иши боюнча издөөгө алынган Калыйбек Элтуйбасовдун адам өлтүрүүгө тийиштиги жок экендигин, тергөө боюнча суроолор болгондуктан, ал издөөгө алынганын Н.Абдиев айтты.

Ал эми жок жерден издөөгө алынып, күнөөлөнүп келген К.Элтуйбасов бул боюнча көрсөтмө берүүгө даяр экендигин анын адвокаты Улан Жумабеков буга чейин билдирип келген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.