Текебаевдин кичүү кызын сагынып жазган ыры (ВИДЕО)

Текебаевдин кичүү кызын сагынып жазган ыры (ВИДЕО)

Өмүрбек Чиркешович кичүү кызына арнап ыр жазганына бүгүн туптуура бир жыл болду. Аны бүгүн тарапташтары социалдык түйүндөргө таратышты. Бул ырдын тарыхы бар. Эсиңиздерде болсо керек, былтыр Өмүрбек Текебаев менен кичүү кызын жолугуштурбай койгондо, кызы ыйлап калган. Ошондо бетинен сүйгөн атасы кызына арнап ыр жазган. Тажрыйбалуу саясатчынын сыясынан жаралган ырды кайталап берип турубуз, ага абай салыңыз.

КЫЗЫМ, ЖАНЫМ, САДАГАМ!

Кызым, жаным, садагам,
Мен куруюн, таш боор тура сага атаӊ.
Кызым мени сагынды деп,
Учуп-жетип барбаган.
Билесиӊ го мен силерден,
Жарым мүнөт бөлүнгөндү каалабайм,
Бирок жок да башка аргам,
Кызым, жаным, садагам!

Ыйлабагын, карап турат бардыгы,
Жылмайып кой, жылмайып кой, жарыгым.
Адамдар бар атаӊ сынып,
Күтүп турган кетсе дешип кадыры.
Эч нерсе эмес, мен эмесмин ийилчү,
Кыз-уулдарым менин жаркын үмүтүм,
Бизде дагы майрам болоор бир күнү.
Сени жыттайм, кандай бакыт тирүүлүк,
Атасына боорукерим, күйүмдүүм!

Менде жакшы, жашайм жакшы үмүттө,
Бир күн чыгам, жарык жолдон күткүлө.
Ала-Тоодой касиети күркүрөп,
Кокпо, кызым, атаӊарды эл сүрөйт.
Кайда болсо кыргызмын деп,
Силер дагы Мекениӊди сүйгүлө.
Өмүрбектин кыз-уулу деп эл айтат,
Башыӊарды бийик кармап жүргүлө.
Кел, шириним, ананайын,
Жыттап, сүйүп да алайын жүзүӊөн,
Жарты жашыӊ агызбасмын тирүүмдө.

Аянычтуу жолугушууну ВИДЕОдон көрсөңүздөр болот!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.