Жалал-Абадга мэр Ташиев эмес, Тагаев болду

Жалал-Абадга мэр Ташиев эмес, Тагаев болду

Жалал-Абад шаары жаңы мэрлүү болушту. Мурдагы мэр Салайдин Авазов майда кызматынан бошотулуп, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ага кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Анын ордуна эки талапкер Мураталы Тагаев менен Шайырбек Ташиев (Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси) ат салышкан. Шаардык кеңештин бүгүнкү жыйынында жергиликтүү 30 депутат добуш берип, 18 добуш менен М.Тагаев жеңген. 11 депутат Шайырбек Ташиевге добуш берген. Бир депутат эки талапкерге тең каршы добуш болгон.

Жаңы мэр Мураталы Тагаев 40 жашта. Ал буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы болуп келген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.