Курманбек Бакиевдин эжеси Турдукан Бакиева каза болду

Курманбек Бакиевдин эжеси Турдукан Бакиева каза болду

Бул тууралуу экс-президент Курманбек Бакиевди колдоп келаткан “Назар ньюс” сайты жазып чыкты. Алардын маалыматына караганда, Бакиевдердин 76 жаштагы эжеси Турдукан Бакиева узакка созулган оорудан улам, кечээ, 10-июнда каза болгон.

Маркум Турдукан Бакиева 1942-жылы Сузак районундагы Тейит айылында туулган. 1960-жылы Барпы орто мектебинен аяктаган. 1966-жылы Бишкектеги медициналык институтун бүтүрүп, эмгек жолун Ош шаарынын дарылоо тармагында врач-педиатрлыктан баштап, өмүр бою өз кесиби менен иштеген. Көптөгөн мамлекеттик грамота, төш белгилер менен сыйланган.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.