Бакыт СЕИТОВ: «Бурулайдын өлүмү тууралуу жалган маалымат тараткан абактагы адам болушу мүмкүн»

Бакыт СЕИТОВ: «Бурулайдын өлүмү тууралуу жалган маалымат тараткан абактагы адам болушу мүмкүн»

27-майда бөөдө ажал тапкан 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү өтө табышмактуу, өтө сырдуу болгону алигүнчө талкууланып бүтө элек. Бүгүн “Бурулайды өлтүргөн ала качкан бала эмес, милициялар” деп айткан сөздөрү жазылган видео, аудио Ютубга коюлуп, социалдык түйүндөргө тарады. Анын айткандарын төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүздөр!

“Бул үн боюнча териштирүү жүрүүдө”

Бул видеодон кийин, бул боюнча ИИМ басма сөз катчысы Бакыт Сеитовго кайрылып, жооп алдык. “Муну атайын эле кимдир бирөөлөр милицияны каралоо ниетте таратып жатат. Тараткандар түрмөдөгү кишилер же абактан чыккан адамдар болушу мүмкүн. Биз муну, бул үндү териштирип, текшерип жатабыз. Бул боюнча териштирүү жүрүүдө. Жалган маалымат таратканы үчүн ал сөзсүз такталып, кармалып, жоопко тартылат. Милиция кызматкерлери кызды өлтүрүүгө барган жок, андай болушу мүмкүн эмес. Албетте, аларды аябай аппак деп айта албайм, шалаакылык кылышкан. Шалаакылыгы боюнча мыйзам чегинде чараларды көрүштү”,-дейт Б.Сеитов.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.