Камактагы Осмонбек Артыкбаевге тез жардам чакырылды

Камактагы Осмонбек Артыкбаевге тез жардам чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев учурда УКМКнын тергөө изоляторунун убактылуу кармоочу жайында эле. Бүгүн анын ден соолугу начарлап, ага тез жардам чакырылганы белгилүү болду.

Эскерте кетсек, ал Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесин биринчи бөлүмү («Коррупция») боюнча козголгон кылмыш ишке шектүү катары УКМКга көп жолу чакырылып, суракка алынган. Тергөөнүн негизинде абакка киргизилген, бирок, мөөнөтү айтылган эмес.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.