КСДП: “Баасы жакпаса, акчаны берип, сүрөттү алып кетсин”

КСДП: “Баасы жакпаса, акчаны берип, сүрөттү алып кетсин”

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун үстүнөн УКМКга түшкөн арызга байланыштуу КСДП билдирүү таратты. Билдирүүдө: «Сүрөтчү Азамат Жаналиев Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн 2,5 миң долларга гана саткан, 10 миң доллар тууралуу сөз болгон эмес. Эгер саткан баасы жакпаса, анда акчаны берип, сүрөттү алып кетсин. Ал эми Дубайдын канзадасына берилген сүрөттөр боюнча маалымат да так эмес. Икрамжан Илмиянов сүрөттөрдү Жаналиевдин өтүнүчү менен берген«,-деп жазылат.

Сүрөтчү Азамат Жаналиев И.Илмияновдун үстүнөн УКМКга бүгүн арыз жазган. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.