Ысык-Көлдө вертолет кулады

Ысык-Көлдө вертолет кулады

Бүгүн Ысык-Көлдүн Түштүк Эңилчек мөңгүсү тарабында кырсык болгону тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматы билдирди. Алардын айтымында, “Ми-8 МТВ” үлгүсүндөгү аскердик тик учак (вертолет) альпинисттерди куткаруу учурунда кулаган. Алдын ала маалыматтарга караганда, тик учак шамалдан улам капталы менен кулап түшкөн, андан төрт адам жабыркаган. Учурда альпинисттерди куткаруу боюнча иш жүрүүдө. Тик учактын абалы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.