Эдил Байсалов элчилик кызматка татыктуубу? Атактуулардын айтуусунда…

Эдил Байсалов элчилик кызматка татыктуубу? Атактуулардын айтуусунда…

Коомдук ишмер Эдил Байсаловдун талапкерлиги Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчисинин кызматына көрсөтүлгөнү тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети бүгүн билдирүү таратты. Билдирүүгө караганда, бул маселе эртең, 28-майда комитеттин отурумунда каралат, тагырагы, Эдил Байсаловдун талапкерлигин депутаттар карап чыгат.

Байсаловдун байсалдуу баскан жолу…

Элчи төрт жылга шайланат. Учурда Улуу Британияда Гүлнара Исакова элчи, ал бул кызматка 2015-жылы дайындалган. Анын мөөнөтү аяктап баратканына байланыштуу башка талапкер сунушталууда. Ал — Байсалов Эдил Жолдубаевич. 42 жаштагы нарындык жигиттин өмүр баянын учкай айта кетсек, ал 1977-жылы 6-августта андагы Фрунзе, азыркы Бишкекте төрөлгөн. Мектепте мыкты окуган, Нарын шаарындагы №7 мектепти ийгиликтүү бүтүргөн. Жогорку билимдүү. Кыргызстандагы Америка университетин аяктаган. Эмгек жолу Улуттук олимпиада комитетинен башталган. Саясатка 1999-жылы аралашкан. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясында аткаруучу директордун орун басары, аткаруучу президенти, президент, КСДПнын мүчөсү, жооптуу катчысы, Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси, «Айкөл Эл» партиясынын лидери, Социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болгон.

Эдил Байсалов кызматтан кетсе эле бош жүрүп, бекерпоз болду деп ойлоого болбойт. Ал мыкты блогер болду, мамлекетибиздеги чындыкты чагылдырып турду. Чындыгында журналист кылбаган ишти кылды, ар бир материалды факты менен иликтеп, жазып жүрдү. Сөзүм куру болбош үчүн анын бир эле нерсесин факты катары айта кетейин. Ал чехтердин Liglass Trading компаниясы менен болгон чуулгандуу келишим. Ошол боюнча орусча жазганын биз кыргызчага которуп, убагында сайтыбызга жарыялаганбыз. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Байсалов жөнүндө белгилүү адамдардын ой-пикири…

Депутат Руслан Казакбаевдин Э.Байсалов жөнүндө айткандарын төмөнкү ВИДЕОдон көрсөңүздөр болот.

Ал эми социалдык тармактарда да жакшы пикир жазылып, Эдил Байсаловдун талапкерлигин колдой башташты. Алардын жазгандары төмөндө.

Алмазбек АКМАТАЛИЕВ: “Эдил Матай биздин тукуму”

-Эдил бул белгилүү Матай бийдин тукуму, ошол үчүн анда акыл да, кеңдик да, жүрөк да, энергия да, улутмандык да, намыс да арбын!

Жанар АКАЕВ: “Депутаттар колдоп жатат”

-Эдил Байсаловду депутаттар да жапа тырмак колдоп жатышат. Тилди, дипломаттык кесипти мыкты билген, акыйкат инсан! Иштесин!

Шайыр АБДЫРАХМАНОВ: “Калыс сүйлөгөн инсан”

-Эдил кыргыздын билимдүү, калыс сүйлөгөн инсандарынын бири. Калыс сөз деген ачуу да, таттуу да болот.

Манас ОСМОН: “Ажонун айланасына ушундай жигиттер керек!”

-Эдил күрөшчүл жигит! Адилетсиздикке каршы чыгалат. Ажонун айланасына ушундай жигиттер топтолушу керек! Туура чечим болот!

Адилет АЙТИКЕЕВ: “Байсалов болуш кыйын”

-Кээ бир адамдар Эдил Байсаловду “парашютист” деп жатышат. Байсалов эч кандай парашютист эмес. Ал элчи болсо да, министр болсо да, губернатор болсо да жарашат. Тажрыйбасы бар. Биз айылда мурдубузду тарта албай жүргөндө, ал киши жапжаш туруп, бүтүндөй бир мамлекеттик системага каршы чыгып жүргөн. Ал эми ага сын таккандар улам бир бийликтен экинчи бийликке өтүп, бийликте турган кезде мактап, кеткенден кийин артынан баатыр болуп жамандагандан башкага жарабайт. Алардын дарамети ошол. Алар эки жаралса дагы Байсалов боло албай калды го… Байсалов болуш кыйын…

Эдил Байсалов жөнүндө айта берсек, сөз көп. Кыскасы, татыктуу талапкер. Үч (кыргыз, орус, англис) тилде эркин сүйлөгөн, англисче түш жоруган жараныбызга ийгилик каалайбыз!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.