Айгүл ТЕКЕБАЕВА: “Кыргыздын чыгаан кызы Аида жакында акталып, үй-бүлөсү менен чогуу болооруна ишенебиз”

Айгүл ТЕКЕБАЕВА: “Кыргыздын чыгаан кызы Аида жакында акталып, үй-бүлөсү менен чогуу болооруна ишенебиз”

Жалган жалаа менен абакта камалып жаткан Өмүрбек Текебаевдин өмүрлүк жары Айгүл Текебаева жакында эле жалган жалаа менен абакта отуруп калган Аида Салянова тууралуу оюн ортого салды. Аны колдоорун, ага адилетсиз күнөө коюлганына ичи ачышып турганын, өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирди.

Анда: «Кудай жалган жалаадан, дабасыз дарттан сактасын” деп, кыргыздар бекеринен айтпаса керек. Жалган жалаа, адилетсиз сот эмне экенин биздин үй-бүлө жакшы билет. Ушундай кыйынчылыкта — досун, тууганын сенден алыстап качып калганда, кимдин ким экенин билесиң. Өзү да жалган жалаага, саясий куугунтукка кабылганына карабай Аида Салянова бизди дайыма колдоп келди. Бүгүн Аидага дагы бир жолу адилетсиз күнөө коюлуп, мыйзамсыз кармалып турат. Ак ийилет, бирок, сынбайт! Жакынкы күндөрү кыргыздын чыгаан кызы Аида акталып, үй-бүлөсү менен чогуу болооруна ишенебиз. Аида, биз сени мененбиз!”,-деп жазылган.

Айгүл айымдын айтканында калет жок. Сот Аида Салянова боюнча дагы бир жолу акыйкатсыздык кылып, адилетсиз чечимин чыгарып, “күнкарама” жүзүн көрсөттү. Анткени, Аида Жеңишбековнанын кримтөбөл Батукаевдин түрмөдөн бошоп, Кыргызстандан чыгып кетишине эч кандай тиешеси жок. Аны өзү деле буга чейин айткан.

Бул күндөр да өтөт. Мындай сыноону Аида Жеңишбековна жеңип чыгып, акталаарына терең ишенебиз! Президент Сооронбай Жээнбеков Аида Салянованын апасынын жана укук коргоочулардын кайрылуусуна көңүл буруп, калыстык кылат деген үмүттөбүз! Аида Жеңишбековна, биз сизди колдоп келгенбиз жана колдой бермекчибиз! Өмүрбек Чиркешович айткандай, чындык биз тарапта, сиз тарапта! Чындык төргө өтүп, калп босогодо бозоруп калган күн келет!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.