Блогер мектептин абалын тартканы барса, депутат аны коркуткан (ВИДЕО)

Блогер мектептин абалын тартканы барса, депутат аны коркуткан (ВИДЕО)

Өзгөн районунун Макаренко айылынын жашоочуларынын чакыруусу менен блогер Бауржан Кадырбеков ал жерге жетип барган. Анан ал калктын көйгөйүн угуп, мектептин авариялык корпусунун абалын тартайын деп жатса эле жергиликтүү депутат келип, ага тоскоол жаратып, аны жакалап, коркуткан. Ал видеону төмөндөн көрүңүз.

Бауржан мыкты блогер

Блогер Бауржан Кадырбековду учкай тааныштыра кетели. Ал Өзгөндө жашайт, дайыма эле элдин көйгөйүн чагылдырып, Ютубга жайгаштырат. Мисалга алсак, Өзгөн шаарындагы дүкөндөрдө эскирип кеткен азык-түлүктөр сатылып жатканы тууралуу видеотасмаларды тарткан. Апрелде ал шаардагы дүкөндөрдүн биринде тасмага тартып жаткан учурда дүкөн ээси милиция чакырган. Чакыруу менен барган оперативдүү-тергөө тобунун кызматкери блогерге «өзүң албай эле кой, башкалар ала берсин» деп айтып жаткан жери тасмага түшүп, Интернетке тарап кеткен. Көп өтпөй соцтармактарда ал тергөөчү айым жоопкерчиликке тартылуусун талап кылган пикирлер жазылган. Эч нерседен корпогон баланы Өзгөндө жакшы таанып, маанилүү маселеге чакырып турушат. Мына дагы чакырып барса, тигинтип депутат аны жакалап, коркутуп жатат…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.