Абдышүкүр ажы Атамбаевдин үйүнө эмнеге барганын айтты

Абдышүкүр ажы Атамбаевдин үйүнө эмнеге барганын айтты

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын аалымдар кеңешинин мүчөсү, ажы бүгүн Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө түзүлгөн “Элдик штабына” барып, ал жердеги эл менен жолугуп кеткени жазылып, максаты айтылган эмес. Атамбаевдин үйүнө барганы тууралуу комментарий берип, аны саясатка айлантуунун кажети жок экендигин баса белгиледи. «Аалымдар эзелтен эле элдин ыйманы, тынчтыгы, биримдиги үчүн кызмат кылган. Менин да эңсегеним жана тилегеним — элимдин ыйманы жана тынчтыгы. Мен ар бир сөзүмдү ушул максатта айтам, ар бир ишимди ушул максатта кылам. Тилекке каршы, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, жумурткадан кыр издегендер муну ар кандай максатта бурмалашууда. Элиме айтарым: мен мурда да, азыр да саясий максат көздөгөн эмесмин, көздөбөймүн дагы. Менин максатым — элим бейпилдикте, биримдикте, тынч жашоо кечирип, ыймандуу өмүр сүрсө деген гана тилек», дейт Абдышүкүр Нарматов.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.