Салянованын кызы чыркырап, жаны зыркырап турганда, Абдылдаевдин кыздары кан жутуп отурганда, бийлеп жүргөн Атамбаев бүгүн камалабы?

Салянованын кызы чыркырап, жаны зыркырап турганда, Абдылдаевдин кыздары кан жутуп отурганда, бийлеп жүргөн Атамбаев бүгүн камалабы?

Атамбаевдин жоругу жөнүндө айта берип тил тешилип, кол талыды. Кечээги досуна да сөз жок экен. Дегенибиз, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова мыйзамды сыйлаган үчүн ИИМ чакырары менен суракка барды эле. Эч нерсе териштириле электе эле, ошол күнү (3-июнда) 48 саатка камакка алып, эки күндөн кийин эле, 5-июнда (Айт күнү), дем алыш күнгө карабай сот иштеп, камакта калтыруу чечимин чыгарды. Ал эми Атамбаевге үч жолу чакыруу кагазын жиберишти. Биринчиси 8-июлда берилгенде эле ал барбасын айткан. Экинчи жолу 11-июлдагысын тоботуп да койгон жок. Мына, үчүнчүсү кечээ, 18-июлда барды. Ал бүгүн, 19-июлга, саат 10:00гө суракка чакырылган. Барбасын баарыбыз эле билебиз. Атүгүл анын адвокаты Сергей Слесарев Атамбаев мыйзамсыз чакырылып жатканын айтып, ИИМ министрине бүгүн кат жолдоорун журналисттерге билдирди.

“Салянованын эч күнөөсү жок” деп Атамбаевдин айткан сөзү кана?

Ал эми Атамбаев өзү болсо Кой-Таштагы хан сарайында чардап, бийлеп жүрөт. Күн сайын кечинде чыгып, ал жердеги колдоочулары менен жолугушууну салтка айлантып алган. Кылгылыкты кылып коюп кантип уктап, тамак ичип, басып жүрөт? Анын азабынан канча деген күнөөсүз адам күнөөлөнүп жатат. Анын бири — Аида Салянова. Жок жерден эле абакта отурат. Негизи Батукаевди бошотуу боюнча башкы күнөөкөр дал ушул Атамбаев да, аны ар бир кыргыз билет, саналуу колдоочуларынан башкасы. Митинг өткөргөн сайын, “жаштар отурбасын, мен отурайын”,-деди эле го. “Батукаевди бошотуу боюнча Салянованын эч күнөөсү жок”,-деп да айтканы бар. Кана? Мыйзамды сыйласа биринчи чакырууда эле барып, “ооба мен буйрук бергем”,-деп “буга, тигиге” деп аттарын айтпайбы. Ал ысымдардын ичинде Салянова жок болуп чыгат, көрөсүңөр го.

АКМАТАЛИЕВ: “Молдакундун кыздары кан жутуп отурганда Атамбаев вальс тээп жүрдү…”

Негизи Атамбаев кыргызга күйбөйт. Эгер күйсө, анын таламын Жогорку Кеңеште 4 жыл талашып жүргөн, кырсыктан каза тапкан Молдакун Абдылдаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн коштошуу зыяратына барат эле го. Кан жутуп отурган кыздарына барып көңүл айтат эле… Аны ойлоп да койгон жок. Кой-Таштагы үйүндө концерт уюштуруп, аялы менен бийлеп жүрөт. Ал боюнча Алмазбек Акматалиев 15-июлда “Фейсбуктагы” баракчасына жакшы жазды. Аны толугу менен төмөндөн окуңуз.

Бүгүн Молдакун Абдылдаевдин жубайы Тинатинди, уулу Илимбекти акыркы сапарга узатып келдик. Ошентип, досубузду бүт үй-бүлөсү менен бир заматта жоготуп, ичибиз ачышып турганда ар кандай ойлор келет экен. Молдакундун туугандары маркумдун үй-бүлөсүн акыркы сапарга узатканда көрсөткөн жардамы жана адамгерчилиги үчүн Республика жетекчилигине, Президенттин, Жогорку Кеңештин Аппараттарына чоң ыраазычылык билдиришти. Экинчиден, өзгөчө ыраазычылыкты Чүй облустук админстрациясына, Аламүдүн районунун акимчилигине билдиребиз. Булар чын ниетинен өзүлөрүнүн коллегасын акыркы сапарга узаткандагы түйшүктүн баарын тең көтөрүп беришти. Үчүнчүдөн, ӨКМге чоң раxмат, алар кырсыкка учураган 5 сөөқтү тең күнү-түнү издеп, Көкөмөрөндөн таап, сөөктү ээлерине тапшырып беришти. Төртүнчүдөн, Суусамырдын тургундарына, Жумгал элине, ыктыярчыларга чоң раxмат. Досубуздун үй-бүлөсүн издеген ондогон туугандарын, досторун, жакындарын 15 күндөн бери үйлөрүнө жаткырып, тамак-ашын берип, кайгысын тең бөлүшкөндүгүн жакындары эч качан унутпайт!
Молдакун Абдылдаев президент А.Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү катары 4 жыл чын ниети менен иштеп берди эле! Тилекке каршы, ушул күндөрү, Молдакун Абдылдаевдин үй-бүлөсүнө эбегейсиз кыйын күндөр түшүп турганда, кыздары да, жакындары да Атамбаевдин өзүнөн да, ага тиешелүү Апрель телеканалынан дагы, Атамбаевдин пресс-службасынан дагы бир жылуу сөз, бир эскерүү, бир кайгыны тең бөлүшүү сөзүн укпаганы өкүндүрбөй койбойт.
Бул маселени алардын абийирине коелу. ӨКМ сөөктөрдү издеп жүргөндө, жетим калган кыздары кан жутуп отурганда, Молдакундун мурунку шефи Кой-Таштагы үйүндө концерт коюп, кучакташып, вальс тээп жүрүштү.. 4 жыл бою ошол Атамбаевдин саясатын Жогорку Кеңеште жаман-жакшы көрүнүп, ашырып жүргөн Молдакунду Кой-Таштагы үй-бүлө эстеп да койгон жок, тилекке каршы…Кош эми, Молдакун дос! Бүт үй-бүлөңдү жаныңа чогултуп алдың! Бейиштен насип кылсын Жараткан!”,-деп кабыргасы кайышып жазган Алмазбек мырза.

Аида Салянова боштондукка чыксын!

Мына, окурман, Атамбаевден кайсы жакшылыкты күтсө болот? Ал эч качан кыргызга күйбөйт жана күйгөн эмес. Адамдын жакшылыгын билбеген өзүмчүл, чагымчыл адам. Анан да уялбай, өзүн Манас сезип алыптыр, “чоролору сатып кеткен”,-деп салыштырып… Манас атабыз ким да, Атамбаев ким? Кичине уят деген барбы, бу кишиде? Манас атабызды жакшы билбегенден кийин оозанып эмне кылат? Эмнеси болсо да бүгүн камашсынчы ары аны тантыратпай. Колу менен кылганын мойну менен тартсын, жазасын алсын! Ак жерден отурган Аида Салянова боштондукка чыксын! Анткени, ал ооруп, ден соолугу күндөн-күнгө начарлап баратканын, өпкөсү, жүрөгү ооруп атканын адвокаты какшап айтып келатат.

«Слабый» эркектер: Рысалиев жана Атаханов

Кримтөбөл Батукаевди абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуп, Кыргызстандан качырып жиберген маселе боюнча Зарылбек Рысалиев менен Шамил Атаханов да суракка чакырылган. Рысалиев суракка чакырылганда ага тез жардам чакырылып, ооруканага жатып калган. Андан соң, Воронцовкадагы курортко которулуп, дарыланууда. Жакшы болуп калды дешкен эле. Ал суракка чакырыла элек, аны унутуп коюшту окшойт. Ал эми «кызматташуу» негизде үй камагына чыгып кеткен Атаханов  кечээ суракка келген жерден өзүн жаман сезип, тез  жардам чакырылып, ооруканага түшүптүр. Экөө тең «слабый» эркек экен. Булардын жанында Аида Салянова эркек экен. Канча оорусу менен чыдап сыз, ным жерде акыйкаттыкты күтүп, дарыланууга муктаж болуп отурат. Тезинен абактан чыгып, ооруканага жатып, дарылануусу керек! Ушундай маселелерди кабыргасынан койгон колдоочулар президентке кайрылуу жөнөтүштү эле. Жети миңден ашуун элдин үнү кандай чечилээр экен? Жообун күтүп жатабыз. Ал эми Аида Жеңишбековнага ден соолук каалайбыз, бир аз чыдаңыз, анткени сиз күчтүү айымсыз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.