Өкмөткө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчилиги алмашты. Ренат Түлөбердиевдин ордуна төрага болуп Жылдызбек Исакулов келди.
Мекеменин жаңы жетекчиси жөнүндө учкай тааныштыра кетсек. Ал 43 жашта. 1977-жылы 26-мартта Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфанада төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Бишкек мамлекеттик университетин (БМУ) аяктаган. Төрт тилди (кыргыз, орус, англис, япон) билет. Кызматын ылдыйкы тепкичтен (Ак үйдөн) баштаган. 2015-жылы өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Эми минтип мамлекеттик мүлккө жетекчи болуп келди. Ал аны алдыга тарта алаар бекен?..
Эрзат МЫРЗА