Кыргызстанда коронавирустан дагы эки адам (оор абалда болгон) каза болду. Жаман илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 4 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде, брифингде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда дагы 69 адамдан коронавирус аныкталган. Өлкө боюнча бейтаптардын жалпы саны 216 адамга жетти.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы