Кыргызстанда дагы 69 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде, брифингде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Анын айтымында, вирус обсервацияда болгон адамдардан аныкталган. Жаңы катталган бейтаптар Ноокаттан — 42, Кара-Суудан — 3, Ош шаарынан — 2, Сузактан— 13, Бишкектен — 5, Нарындан — 1, Караколдон — 1, Баткенден — 1, Кеминден — 1.
Республика боюнча вирус жуктургандардын жалпы саны 216га жетти. Жалал-Абад облусунда — 80, Ош облусунда — 94, Бишкекте — 25, Баткен облусунда — 4, Нарын облусунда — 5, Ысык- Көл облусунда — 3, Чүй облусунда — 5 .
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы