ВИДЕО — Текебаевге Никитенко да ордун берүүгө даяр экендигин билдирди, бирок БШК…

ВИДЕО — Текебаевге Никитенко да ордун берүүгө даяр экендигин билдирди, бирок БШК…

Жогорку Кеӊештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияздын мандатын тапшыруу маселеси БШК жыйынында каралбай калганын БШКнын басма сөз кызматы бүгүн, 13-октябрда, билдирди.

Айтымында, отурум кворум жоктугунан болбой калган. Бирок, БШК мүчөлөрү бүгүн кечке чейин кворум болуп калышы ыктымалдыгын айтышкан. Аны төмөндөгү видеодон көрүнүз:

Кечээ, 12-октябрда, депутат Садык Шер-Нияз БШКга ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арызын жазганын журналисттерге билдирген. Анда ал «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мандатын калыбына келтирүү үчүн мандатынан баш тартканын жана депутат Наталья Никитенко да мандатын Текебаевге берүүгө даяр экендигин айткан. Бирок, БШК буга мыйзам жол бербестигин, тагырагы, аял кишинин ордуна аял киши келиши керектигин айткан.

Буга чейин БШК Ө.Текебаевдин мандатын кайтарып алуу арызын карап, орун жоктугун билдирген. Аларга экс-депутат 10-октябрда депутаттык мандатын кайтарып алуу тууралуу арызын берген. Ал мандатынан сот иштерине байланыштуу 2017-жылы ноябрда ажыраган.

Эске сала кетсек, 2017-жылы Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов Орусия жарандары Леонид Маевский менен Алексей Модиндин «пара алган» деген жалган жалаасы, андагы ажо Атамбаевдин буйругу менен кармалып, камалган. Бул иш сотто каралып, ар бирин 8 жылга кесишкен эле. 2019-жылы Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайра карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, Текебаев менен Чотонов үй камагына чыгарылган. Бирок, бул маселеге толук чекит коюла элек. Тагырагы, Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда иш кайра каралууда.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

2 thoughts on “ВИДЕО — Текебаевге Никитенко да ордун берүүгө даяр экендигин билдирди, бирок БШК…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.