ИИМ өтө аянычтуу үй-бүлө, тагдыр тууралуу видеону жарыялады…

ИИМ өтө аянычтуу үй-бүлө, тагдыр тууралуу видеону жарыялады…

Бүгүн, 21-декабрда, Жалал-Абад ОИИБси «Үй-бүлө, коом жана мыйзам! Бекем үй-бүлө — күчтүү мамлекет!» деген ураан менен үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бирге күрөшүүгө чакырык таштады. Ал толугу менен төмөндө:

Урматтуу жарандар, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бирге күрөшөлү! Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү бир гана милициянын милдети деген жаңылыштык. Жалпы журт, коомчулук, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үй-бүлөлүк зомбулукка каршы милиция менен бирге күрөшүп, анын оор кесепеттерин алдын алышыбыз керек. Учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун саны көбөйүүдө. Көпчүлүк мезгилде бул көрүнүштөрдөн аялдар жабыркап, милицияга кабарлаган учурда гана күнөөкөргө мыйзам чегинде чара көрүлсө, көп учурда жакындары, жабыр тарткан үй-бүлө мүчөлөрү зомбулукка кабылгандыгын жашырып, билинбей калып, натыйжада оор кесепеттерге алып келүүдө. Зомбулук көрсөткөн адам үй-бүлө куруу жоопкерчилигин түшүнбөй, үстөмдүк кылып зомбулук көрсөтүүдөн үй-бүлөнүн бузулушуна алып келүүдө. Үй-бүлөнүн бузулушунун кесепетинен “Баштаган бирөө, жабырын тарткан көпчүлүк” болуп, ошол үйдөгү балдардын дагы моралдык жактан, психологиялык жактан жабыр тартышы баарыбызга белгилүү. Келечек муун үчүн жаштарга туура тарбия берип, үй-бүлөлүк баалуулуктарды, жоопкерчилик алууну, бири-бирине сый-урмат көрсөтүүнү үйрөтөлү. 

Бекем үй-бүлө — күчтүү мамлекет! Эгерде, жакындарыңыздын, кошуналарыңыздын үй-бүлөсүндө болуп жаткан зомбулукту байкаган учурда тез арада милиция кызматкерлерине 102 номуруна же аймактык ички иштер органдарына кабарлооңуздарды суранабыз.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.