Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратовага Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда шашылыш операция жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда, оорукананын басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.
Алардын айтымында, Анжелика оорукананын реанимациясына кечээ, 23-январда, келип түшкөн. Ага мекеменин жетекчиси академик Сабырбек Жумабеков бүгүн, 24-январда, эртең менен операция жасаган. Ырчынын омурткасы, балтыры жабыркап, калыбына келтирилген. Учурда абалы туруктуу. Наркоздон ойгонуп, эсине келип жатат.
Түп РИИБи: «Айдоочу рулду башкара албай калган»
Эске сала кетсек, кечээ, 23-январда, ырчы Анжелика Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда кырсыкка кабылгандыгын Түп РИИБи 24.kg маалымат агенттигине билдирген. Милиция айтымында, кырсык кечээ таңкы саат 7:00 чамасында болгон. 34 жаштагы Асел Ж. аттуу айдоочу рулду башкара албай бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен ырчы Анжелика, анын эки кызы — 5 жаштагы кызынын буту сынган, андан улуусу жеңил жаракат алган. Айдоочунун абалы жакшы. Жабырлануучулар Түп аймактык ооруканасына жеткирилип, жардам көрсөтүлүп, Бишкекке которулган. Ырчы Инстаграмм баракчасына: «Жаратканга шүгүр. Дарыгерлерге чоң рахмат. Баардыгыңыздарга рахмат. Бизде баары жакшы» деп жазган.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы