Жаңы-Өзөндө мунайчылар иш таштады. Эмнеге?

Жаңы-Өзөндө мунайчылар иш таштады. Эмнеге?

Жаңы-Өзөндөгү мунай бургулоочу «МунайФилдСервис» компаниясын тейлеген «Мадиев» ишканасынын жумушчулары аларды штатка алууну жана маянаны жогорулатууну талап кылып иш ташташты.

Нааразылардын бири Женис Бапилов жумушчулар буга чейин компаниянын жетекчилигине жана акимчиликке кайрылып, бирок андан майнап чыкпаганын «Азаттыктын» казак кызматына билдирген.

Анын айтымында, алар азыркы учурда 80-90 миң теңге эмгек акы алат. Иш таштаган мунайчылар «МунайФилдСервис» компаниясынан анын өз жумушчулары алгандай 180-200 миң теңге маяна төлөөнү,  келишимдик негизде эмес, штатка алып, Эмгек кодексинин негизинде мамиле жасоону талап кылышты.

Мунайчылардын иш таштоосунун башында турган Женис Бапилов 2011-жылы да Жаңы-Өзөн окуясында жапырт башаламандык уюштурууга айыпталгандардын арасында болгон. Бирок кийин ал соттон акталган. Бапилов аны полиция токмоктогонун айтып чыккан эле.

Буга чейин «Фиркрофт» компаниясын тейлеген «Бургылау» аутсорсинг ишканасынын жумушчулары да иш таштаган. 21-апрелде алар мунайчыларга тилектештик билдирип бир саатка жумушун токтотушту.

2011-жылы 16-декабрда Казакстандын Маңгыстау облусундагы Жаңы-Өзөн шаарында жапырт башаламандык чыгып, анда мунайчылар менен полиция кагылышкан. Кагылышуунун айынан ондогон киши мерт болгон эле.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.