Шекер, өсүмдүк майы жана эт алып кирүүдө кошумча нарк салыгы болбойт

Шекер, өсүмдүк майы жана эт алып кирүүдө кошумча нарк салыгы болбойт

Кыргызстанга шекер, өсүмдүк майы жана эт алып кирүүдө кошумча нарк салыгынан бошотуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өкмөттүн кезексиз жыйынында билдирди.

Улукбек Марипов кошумча нарк салыгынан бошотуудан бюджетке 200 млн. сомдой түшпөй каларын, бирок бул чечим азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо оң натыйжа берерин айтты.

Улукбек Марипов өткөргөн өкмөттүн жумушчу кеңешмесинде эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, вакцинациялоо, азык-түлүк жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери, аларды чечүү жолдору талкууланды.

2021-жылы Кыргызстанда жана кошуна мамлекеттерде да кургакчылык байкалууда. Айрым эксперттер азык-түлүк маселеси курчушу мүмкүн деп эскертүүдө. Акыркы айларда Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кескин өсүп кетти жана айрымдары дагы деле өсүштө тургандай…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.