Президент эмне деди эле?
Президент Садыр Жапаров Орхан Инанды тууралуу ММКга мындай деди:
— Орхан Инандынын жоголгону тууралуу маалымат чыгары менен мен дароо укук коргоо органдарынын жетекчилерин чогултканымды билесиздер. Мен аны тез арада табууга бардык аракеттерди көрүүнү, чек араны жакшылап карап турууну тапшыргам. Ошол эле күнү Орхан Инанды тууралуу кеңири маалымат алгам. Көрсө, Инандыны 2016-жылдан бери уурдоого үч жолу аракет жасалган экен. Үчүнчү аракет кышында эле болгон жана аны УКМКнын кызматкерлери сактап калган. Орхан Инанды менен анын үй-бүлөсү аны билет. Ошондо УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Орхан Инандыга “жалгыз жүрбөңүз, жансакчыларды алыңыз” деп эскерткен. Бирок ал буга көңүл бурган эмес. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге Орхан Инандыга байланыштуу Анкарага нота жолдоо тууралуу тапшырма бердим. Нота 6-июлда берилди. Биз Түркиянын расмий жообун күтүшүбүз керек!
Эске сала кетсек, Эл аралык «Cапат» билим берүү мекемесинин жетекчиси, Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инандыны 31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан. Эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү, таңга маал өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Анын уулу милицияга билдирген. ИИМ министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө экени айтылган. Ал эми Инандынын жубайы Рейхан Инанды жолдошу Кыргызстандагы Түркия элчилигинин имаратында кармалып жатышы мүмкүн деп айтып чыккан. Бирок түрк элчилиги мындай маалыматты четке каккан.
5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилип, камакта экенин жарыялаган. Инандыга «Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени» үчүн айып тагылганын кечээ, 6-июлда Түркиянын мамлекеттик «Анадолу» маалымат агенттиги жазып чыкты.
Орхан Инанды 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Акыйкатчы Токон Мамытов чет өлкөлүк атайын кызмат тарабынан уурдалган кыргыз жараны Орхан Инандыны кайтарып берүү талабы менен Түркиянын омбудсменине кайрылганын «Азаттыкка» билдирди. Ал бийлик нота менен гана чектелбей, аны «алып кеткен жериңерге аман-эсен жеткиргиле!» деген талап коюлушу керектигин айтты.
Инандынын адвокаты Таалайгүл Токтакунова бүгүн, 7-июлда Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды. Ал кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу кылмыш ишин козгоону өтүндү.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы