Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: «Мамлекеттик катчы президенттин колуна кол, бутуна бут боло турган кызмат»

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: «Мамлекеттик катчы президенттин колуна кол, бутуна бут боло турган кызмат»

«Мамлекеттик катчы» деген кызмат кайра кайтып келип, ага президент Садыр Жапаровдун токтому менен 2-июлда жазуучу Чолпонбек Абыкеев дайындалды. Муну менен бул «кызмат кайра жанданат, кимдер келиши мүмкүн» деген күбүр-шыбыр кептер аныгына чыккандай болду. Анткен менен, бул кызматта кимдер иштеп кеткенин эске салсак, «элге кыпындай да пайдасы болбогон кызматтын кереги бар беле?!» деген кеп дале кызуу талкууда…

Биз билгенден, бул кызматтын кайрадан калыбына келишинин автору — окумуштуу, профессор Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич, андыктан ал кишиден эски кызматтын кайра жаралышынын себеп-жүйөсүн сурап учкай маек курдук.

— Каныбек Осмоналиевич, Курманбек Бакиевдин бийлигинде жоюлган кызмат кайра ордуна келди. Бул институтту кайра калыбына келтирүү сиздин идея деп укканыбыз бар, бул канчалык чындык жана бул кызматтын кайрадан пайда болушу туура болдубу?
— Мамлекеттик кызматтын пайда болгону туура эле болду. Себеби, кыргыз эли уникалдуу калк. Биз, кыргыздар, илгертен эле идея менен жашаган элбиз. Ошол идеянын негизинде, Манасыбызды жарыялоо максатта манас айтуу жаралып жатпайбы. Ушундай касиеттерибиз унутта калбашы керек. Ушундай улуулукту, салт-санаа, рух, духту мобилизация кылуу максатта Садыр Нургожоевич экөөбүз сүйлөшүп, мамлекеттик катчы кызматын жаӊы Конституцияга киргизүү үстүндө иштеп, ушул жобону Конституциянын 70-беренесинин 10-пунктуна киргизгенбиз.
— Демек, бул кызматты Конституцияга киргизүүнүн автору сизсиз?
— Ооба, менмин.
Анда бул кызматтын башына келүүнү көздөгөн жок белеӊиз? Дегеним, бул кызматка ат салышкан талапкерлер арасында сиздин да фамилия жүрдү эле?..
— Бу кызматка үч муундун өкүлдөрү ат салышты: мурунку жана ортоӊку муундан, анан жаштар талапкерлигин коюшту. Албетте, бул мыйзамдуу көрүнүш. Бул кызматка келген адам, биринчиден, билимдүү, акылы тунук болушу керек. Ал адамдын башынан бардык нерсе өтүшү керек. Себеби, бул кызмат мамлекеттин тагдырын чечет. Бул жөнөкөй кызмат эмес, Конституциялык кызмат. Бул жобону Жаӊы Конституцияга киргизүү оӊойго турган жок, мен да мүчө болгон Конституциялык кеңешмеде талаш-тартыш болду. Көпчүлүк жеӊип, бул маселе Жогорку Кеӊештин кароосуна кетти. Аны депутаттар комитетте, анан жалпы жыйында карап, бекитип беришти.

— Конституциялык кеңешмеде мүчө болуп, бул кызматты ордуна келтирүүнү колдогондордун бири Чолпонбек Абыкеев болчу. Анан ал кызматка өзү келди. Кандай ойлойсуз, кызматка сиз айткандай акылы тунук, билимдүү адам келдиби?
— Мен алгач бул кызматтын пайда болуш тарыхына учкай кайрыла кетейинчи. Мамкатчы деген институт Кыргызстан эгемендүүлүк алганда, 90-жылдын башында келген. Эсиӊердеби, бул кызматка кандай гана билимдүү, абройлуу адамдар келген: Ишенбай Абдуразаков, Аскар Какеев, Осмонакун Ибраимов, Накен Касиев. Менин баамымда, аз убакыт болсо дагы раматылык Жумабек Ибраимов дагы катчы болгон. Андан кийин Адахан Мадумаров болду. Мамлекеттик катчы президенттин колуна кол, бутуна бут боло турган кызмат. Эӊ башкысы кыргыздын рухун, духун, маданиятын, экономикасын көтөрө турган кызмат. Саясий экономия илиминде эки түшүнүк бар, ал: коомдук надстройка жана идеология. «Надстройка» — бул экономика. Экономикасы көтөрүлбөй, идеясы жок болгон өлкө ар кимге жем болуп кете берет. Ошондуктан, биринчиден, улуттук идея болуш керек. Ансыз биз эч нерсе кыла албайбыз. Бул кызматтын кайра ордуна келишин мен кыргыздын идеологиясы пайда болду, улуу жаралуу деп айтаар элем. Ошондуктан мамлекеттик катчы Чолпон Абыкеевдин алдында чоӊ милдет турат. Иштеп көрсүн. Ийгилик каалайм!
— Бул кызмат Бакиевдин бийлиги тушунда жоюлуп кетти эле, эмнеге деп ойлойсуз?
— Ооба, Бакиев бийлиги учурунда жоюлду. Ага сырттан күч басымдуулук кылып, жоюуга жетишти. Кыргыздын идеологиясынын калыптанышына каршы болгон күчтөрдүн жардамы менен жоюлуп кеткен. Алардын авторлорун да мен жакшы билем.
— Ал авторлордун аттарын атай аласызбы?
— Агезде мен Билим берүү министри болчумун. Эсиӊердеби, андагы бийликте «президенттин катчылыгы» деген кызмат кирген. Анын башында Оксана Малеваная болгон. Анын артында Елисев, Гуреев дегендер турган.

Маектешкен Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев тууралуу билгиӊиз келсе, бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыӊыз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.