Адилет АЙТИКЕЕВ: «Өкүл атамдын үйүндө болобу, офисинде болобу, такыр киши үзүлчү эмес»

Адилет АЙТИКЕЕВ: «Өкүл атамдын үйүндө болобу, офисинде болобу, такыр киши үзүлчү эмес»

Эсен болуп, эстей жүр!

Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө агенттигинин мурдагы жетекчиси, «Назар», «Алиби», «Ачык саясат» гезиттерин чыгарып, бир топ журналисттердин башын бириктирип, устат-насаатчы болгон белгилүү журналист, юрист, публицист, акын Бабырбек Жээнбеков 30-сентябрда эскерилет.

Аттин, көзү тирүү болгондо 70 жашын белгилемек экенбиз…

Америкадагы өкүл баласы Адилет Айтикеев «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй эскерүү калтырды:

Жакшы адам тууралуу эки ооз сөз…

«Сөздү убагында айтпаса сөз атасы өлөт» дейт кыргыз. Жакшы адам кайсы жерде болбосун жакшы адам бойдон калат. Тирүүсүндө дагы, өлгөндөн кийин дагы… Мына ушундай жакшы адам деген улуу сөзгө татыктуу инсандардын бири Бабырбек Жээнбеков эле. Ушул кезде Бабырбек Субановичтин 70 жылдыгына утурлай, аны жакындан билгендер эскерип жатышат. Көпчүлүгү журналисттик, укук коргоочулук сапатына баа берип жүрүшөт. Ал эми жеке мен үчүн ал эң ириде жакшы адам эле.
Бабырбек Субановичти эң алгач 2005-жылдагы парламенттик шайлоо алдында уулу Равшан байкенин шайлоо өнөктүгүндө тааныгам. Сыртынан илбериңки, жумшак адам көрүнгөнү менен аныгында принципке бекем, жигиттик мыкты сапаттарды бекем карманган инсан эле. Улуусу да, кичүүсү да ал кишини айланчыктап, кандайдыр бир паана издеп калышчу. Эгерде адамдын жүзү жылуу болсо, анда анын мүмкүнчүлүгү бар же жок экенине карабай, тааныгандын баары тартыла берет. Бабырбек Субанович мына ошондой киши эле. Кайсы убакта үйүндө болобу, офисинде болобу, такыр киши үзүлчү эмес. Бирөө калыстык издеп ыйлап келет, аны сооротот. Дагы бирөө акча сурап келет. Ага чөнтөгүндөгү тыйынын сууруп берет. Бирөө жөн гана башка бирөөлөрдү жамандап бугун чыгарганы келет, тамекисин түтөтүп улам соруп жатып аны угуп, жоошутуп узатат. Кайсы жерде болбосун, калыс сөзүн аябайт. Сөздү баптап, жибектей созулган мүнөзү менен акырын гана ачуу бирок калыс кебин ортого таштап коёт.
2009-жылы үйлөнгөндө, жакын апчем акырын келип сурап калды: «Ай, өкүл ата кылып кимди коесуң?» Чынын айтсам, буга чейин бул темада дээрлик ойлонуп деле көрбөпмүн. Анан көз алдымдан мен жакындан билген жакшы адамдарды тизмектей баштадым. Анан эле оюма ушу киши келди. Өкүл ата деген биринчиден, атаңдын курагынан кем эмес курактагы киши болушу керек. Экинчиден, жакшы адам болушу керек деген сыяктуу критерийлерим да бар экен. Бабырбек Субанович мына ошондой жакшы адамдык, аталык сапатын менин башыма оор күн түшүп турганда көрсөткөн. 2007-жылы мени Бакиев режими камакка алып, кайра чыгарганда, эшиктин оозунда башкалардын котологон бир короо туугандары күтсө, мени ушул киши күтүп туруптур. Кийин укуктук жактан жардам да берди. Менин жүрөгүмдө калганы, ал кишинин адамдык бийик сапаты болду. «Өкүл ата болуп бериңиз» деген сунушумду кубаныч менен кабыл алды. Ошондон тартып мурдагыдан дагы жакын мамилеге өттүк. Ал кезде Бабырбек Субанович адвокат эле. «Алиби» гезити баштаган бир катар гезиттерди иштетип, көк беттикке салып, Бакиев режими менен күрөшүп жаткан. 7-апрелден кийин жаңы бийлик мамлекеттик кызматка чакырды. Ал жерде дагы иштин майын чыгарды. Эми мунун баары өзүнчө сөз. Кызмат дагы, дүнүйө дагы өтөт, кетет экен… Артыңда адамдардын сага берилген баасы калат экен… «Бабыр аке жакшы киши…» деп тирүүсүндө берилген баа, ал кишинин көзү өткөндөн кийин анын бейитине коюлган гүлчамбарга айланды…
Жаткан жериңиз жайлуу болсун ата, устатым… Биз дайыма сизди жылуу сезимдер, көздөн кылгырып аккан жаш менен сагынып эстейбиз… Жаткан жериңиз жайлуу болсун!
Адилет АЙТИКЕЕВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.