Анатай ӨМҮРКАНОВ: «Бабырбек Жээнбеков саясаттын кан тамырын кармап турган инсан эле»

Анатай ӨМҮРКАНОВ: «Бабырбек Жээнбеков саясаттын кан тамырын кармап турган инсан эле»

Эсен болуп, эстей жүр!

Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө агенттигинин мурдагы жетекчиси, «Назар», «Алиби», «Ачык саясат» гезиттерин чыгарып, бир топ журналисттердин башын бириктирип (бул асыл адамдын гезитинен ысымын таанытып, атактуу саясатчылар менен таанышып, жакшы мамиле түзүп, депутат болуп кеткендери да болду — авт.), устат-насаатчы болгон белгилүү журналист, юрист, публицист, акын Бабырбек Жээнбеков 30-сентябрда эскерилет.

Аттин, көзү тирүү болгондо 70 жашын белгилемек экенбиз…

Архивден…

Анатай ӨМҮРКАНОВ: «Ылдыйдан чапса төш тоскон” журналист эле…»

Бабырбек Субановичти акыркы сапарга узатуу зыйнатында (2019-жылы) Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүрканов мындай деп эскерген:

— Бабырбек Жээнбеков жалпы кыргызга аттын кашкасындай көрүнгөн, саясаттын кан тамырын кармап турган чоң инсан жана журналист болгон.

Эгерде Кыргызстанда эки журналист бар десе, ошонун бири, Мелис Эшимканов менен Бабырбек Жээнбеков болду. Булар өздөрүнүн принципиалдуулугунан, билгич, сезгич адистигинен танбай, калп айткан жок, саясатчы катары да, журналист катары да айтканынан кайтпаган көкжал, азамат эле. Мындайлар чанда болот.

Бүгүнкү күндө кошоматчылар, жүгүнгөндөр өтө арбын болуп кетти. Ал ата каны, эне сүтү менен келген касиетин кармады. «Ылдыйдан чапса төш тоскон” деген журналист эле.

«ПолитКлиника», 2019-жыл

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.