Бир мандаттуу талапкерлердин саны 63кө жетти. Таластан Абдыкадыров жарышка чыкты. Ал ким дейсиздерби?..

Бир мандаттуу талапкерлердин саны 63кө жетти. Таластан Абдыкадыров жарышка чыкты. Ал ким дейсиздерби?..

Бир мандаттуу шайлоо округдарынан арыз таштаган талапкерлердин саны 63кө жетти. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда БШК билдирип, тизмесин жарыялады. Талас округунан 47-катарда Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович катталыптыр. Ал арызын 29-сентябрда таштаган экен.

Аксакалдардын батасы. Пикир…

Журналист Жазгүл Карбосова Эмилбек Мырзакуловичтин коронавируста элге кылган жардамын “Фейсбуктагы” баракчасына жазыптыр. Анда ал Талас облусундагы ар кайсы айылдагы аттуу-баштуу аксакалдары, ар тармакта иштеген инсандар чогулуп, кеңешип бир талапкерге токтогонун айтып, өмүр баянына учкай токтолуп, элге кылган кызматын санаптыр. “Эмилбек Мырзакулович борборубуздун бир катар мекеме, ишканаларында катардагы жумушчудан тарта жетекчилик кызматтарды аркалап, Бишкектин вице-мэрлигине чейин жетип, 4 жолу шаардык кеңешке депутат болуп шайланган. Кийин жаштарга орун бошотуу максатта курулуш тармагында ишкерлик менен алектенип, өзүнүн кичи мекени Талас жергесине баш аягы 20 млн сомдун тегерегинде жардам берген. Ал “Мамлекеттин экономикасын көтөрүү жөнүндө көп ойлоном. Инвестиция тартып келсем, элим үчүн менин пайдам да, кызматым да ошол”,-дейт. Андыктан, иш десе ишке тойбой турган тажырыйбалуу адис, мыкты курулушчу Эмилбек Мырзакуловичке ийгиликтерди каалайбыз. Буйруса, Жогорку Кеңешке депутат болуп келсе, ал эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп берээрине ишенебиз”,-деп жазган кесиптешибиз.

Жазгүлдүн постунун алдына коомдук ишмер Мелис Айдаркулов: «Таластык туугандарым татыктуу инсанды колдогону эң туура иш болуптур. Эмикең бүгүн инсан катары да, мамлекеттик ишмер, дасыккан ишкер катары да чыгаандыгын иш жүзүндө көрсөттү, таанылып, такшалды. Ийгилик!»,-деп жазды. Дагы бир кесиптешибиз Күнболот Момоконов: «Учурдагы экономикалык абалыбызды эске алганда, мамлекет үчүн маанилүү туура мыйзамдар, инвестициялык туура, эл колдоого алган аракеттер керек. Ага Эмил байкенин ар тараптуу тажрыйбасы жетиштүү. Куру кыйкырыктын эмес, акылдашып, кеңешип мамлекет, эл үчүн эмнелерди жасай ала турган, жардамы тие турган аракеттерге ынтымакташып чогуу-чаран аракет көрүшүбүз керек деп ойлойм»,-деп жазып, ийгилик каалады.

“Көзү өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт”

Эмилбек Мырзакуловичтин Таласка кылган ишин угуп эле келатам. Өзүм күбө болгон нерсе бул болду. Президенттин ардак грамотасынын ээси, Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын лауреаты, өмүрү өткөнчө Улуттук филармонияда кызмат кылып, Алымкул Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлар» тобун жетектеген Мурадил Сагыналиевдин концертинин каражатын көтөрүп берген. Кырчындай 47 жашында кеткен иним кийинки күнү уйку бези ооруп жүргөнүн, операция болгонун айтып, «Жакында концерт бергени турам, чыгымды Эмилбек байкем көтөрүп жатат»,- деди эле. Көрсө, ошол акыркы концерти экен. Эгер көзү тирүү болгондо, быйыл 6-ноябрда 49 жашка чыкмак. Мыкты ырчыбыздан ажыраганыбызга 4 жыл болуп калыптыр. “Тирүү кезинде концертинин каражатын көтөрүп кубаттыңыз эле, эми эскерүү кечесин өткөрүп арбагын ыраазы кылыңыз”,- деп Эмил мырзага айтсам, макул болду. “Көзү өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт”. Ушул макалды унутпай, эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар! Баарыбыздын бараар жерибиз ошол жак.

Эми кайрадан шайлоого келсек..

Быйылкы парламенттик шайлоонун системасы өзгөртүлгөн. Президент Садыр Жапаров президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга 27-августта кол койгон. Ал мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат. Буга чейин депутаттар пропорционалдык система менен партиялык тизме боюнча шайланып келген болсо, эми аралаш шайлоо системасы болот.

БШКнын билдирүүсүнө караганда, Кыргызстанда 36 округ бар. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер 18-октябрда, саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш. Парламенттик шайлоо 29-ноябрда өтөт.

63 талапкердин тизмесин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

 Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.