Ички иштер министрлиги ардагерлерин майрамы менен куттуктап, белек-бечкек тапшырышты

Ички иштер министрлиги ардагерлерин майрамы менен куттуктап, белек-бечкек тапшырышты

ИИМ министринин биринчи орун басары, генерал-майор Сүйүнбек Өмүрзаков жана ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев милициянын ардагерлерин Эл аралык карылар күнү менен куттукташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда куттуктоого Сүйүнбек Өмүрзаков, Сүйүнбек Абдылдаевич, Султан Жоошбаевич ИИОнун ардагерлери – Чоюнбек Сагынбаев, Акын Шаршенов, Бексырга Кубатович, Нина Ромашова, Динара Шакировага барышты. Алар ички иштер министри Улан Ниязбековдун атынан жылуу куттуктоолорду жана жакшы каалоолорду айтышты, азык-түлүккө толгон баштыктарды тапшырышты.

Сиздердин артыңыздарда чоң тажрыйба бар. Сиздер каада-салттарды жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоочуларысыздар. Жаш муунду колдоп, балдардын жана неберелердин ишенимдүү жардамчыларысыздар. Куттуктоо сөздөрдү жана чоң урматтоону кабыл алыңыздар. Сиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык, кажыбас кайрат, дөөлөттүү карылык, жакшы маанай, оптимизм жана узак бактылуу өмүр сүрүүнү каалайбыз!”,-деди  Сүйун Өмүрзаков.

Жыл сайын 1-октябрь күнү жүрөккө жылуулукту толтурган эң жагымдуу жана сүйкүмдүү майрамдардын бири болгон Эл аралык карылар күнү белгиленет. Бул чечим 1990-жылдын декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган. 1-октябрь -өзгөчө майрам жана улуу муунга ыраазычылык, урмат-сый көрсөтүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Дал ушул мүмкүнчүлүктү ИИМ колдон чыгарбай, жылда ардагерлерин куттуктап, белек-бечкек берип келишет.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.