Кыргыздын кайсы кинолору Өзбекстанда көрсөтүлүүдө?

Кыргыздын кайсы кинолору Өзбекстанда көрсөтүлүүдө?

«Жибек жолунун бермети» эл аралык кинофестивалынын алкагында, Ташкенттеги Мукими атындагы Өзбек мамлекеттик музыкалык театрында Кыргыз киносунун күндөрүнүн ачылышы болуп өттү. Ага Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси Ибрагим Жунусов, Өзбекстан маданият министринин орун басары Олимжон Мирзаев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев, Кыргыз Эл артисттери Айтурган Темирова, Назира Мамбетова, Керим Турапов жана режиссерлор Артык Сүйүндүков, Айбек Дайырбеков, Бакыт Мукул ж.б катышты. Бул тууралуу Элчинин басма сөз кызматы билдирди.

Элчи куттуктоо сөзүндө кыргыз-өзбек мамилелеринин, анын ичинде маданий-гуманитардык чөйрөсүндө динамикалуу өнүгүшүн, ошондой эле кино жаатында эки тараптуу кызматташтыктын активдешкенин белгиледи. Андан кийин режиссер Артык Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасынын көрсөтүлүшү болду.

Белгилей кетсек, кыргыз киносунун күндөрүнүн алкагында төмөнкү тасмалар көрсөтүлөт: «Шамбала» (реж. Артык Сүйүндүков), «Көл» (реж. Эмил Атагелдиев), «Эдемге карай жол» (реж. Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу), «Атанын керээзи» (реж. Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу), «Дарак ыры» (реж. Айбек Дайырбеков), «Жалаңаяк күлүк» (реж. Мирлан Абдыкалыков), «Курманжан Датка» (реж. Садык Шер- Нияз)

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.