Айсулуу Тыныбекова япониялык балбан кызды жеңип алды

Айсулуу Тыныбекова япониялык балбан кызды жеңип алды

Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын алтын жана коло байгесинин ээси, Олимп оюндарында күмүш медалын тагынган (Токио-2020) Азиянын төрт жолку чемпиону, 28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова япониялык Нонока Озаки менен беттешип, 6:4 эсебинде жеңип алды.

Белгилей кетсек, Норвегиянын Осло шаарында кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын таймашы өтүп жатат. Таймаш 2-октябрда башталган, 10-октябрга чейин уланат. Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан 15 балбан кеткен.

Алибек Осмонов коло байге үчүн күрөшөт

Эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмакта күч сынашып, алгачкы атаандашын жеңип алды. Алдыда 1/8 финалда армениялык Арман Андреасян менен күрөшөт. Бүгүн, 4-октябрда эркин күрөштөн 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов коло байге үчүн беттешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.