Депутат болгончо убада бербеген, өткөндөн кийин убара кылбаган, популист эмес Каныбек Сарымсаков

Депутат болгончо убада бербеген, өткөндөн кийин убара кылбаган, популист эмес Каныбек Сарымсаков

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышууну каалагандардын саны 187ге жеткенин, талапкерлердин арыздарын кабыл алуу 13-октябрда саат 18:00до аяктарын БШК кечээ, 9-октябрда, билдирген.

Ошондой талапкерлердин бири, Сокулук районундагы Саз айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин эки ирет депутаты болуп, спорт тармагын өнүктүргөн Каныбек Сарымсаков БШКга арызын бүгүн, 10-октябрда, таштады.

Жаштарга үлгү болгон депутат

Каныбек Сарымсаков. Бул ысым бизге 2008-жылдан бери тааныш. Бул жигит тууралуу айтчу учур келди. Ал Курманбек Бакиевдин бийлигиндеги үй-бүлөлүк режимдин аягына чейин каршы турган саналуу гана жигиттердин бири болду. Ал учурда көпчүлүк бийликтин кемчилигин ачык айткандан коркуп, башын тыгып, жылуу үйүндө чай ичип отурганда, ал «Алиби», «Назар» гезиттеринин редакциясына келип, бийликти сындаган саясатчылардын жыйынына, тегерек столдогу талкууларга активдүү катышып, бийлигинин кемчиликтерин санап айтып берчү. Ал үчүн куугунтукка да тушуккан. 2010-жылдагы революцияга катышып, ок алдында жүргөн. Бирок,  «Мен революцияга катышкам, мага кызмат бергиле!» деп бийликти алып, кызматка отуруп калган саясатчылардан бир мекемени сурап барган эмес. Кошомат кылып алардын колтугуна кирген жок. Саясаттан алыс болуп, айылда депутат болуп, мугалим болуп эмгектенип келди.

Каныбек жогорку билимдүү. Эки кесиптин ээси. Ал алгач И.Арабаев атындагы КМУдан билим алып, анан Президенттин алдындагы башкаруу академиясын аяктаган. Айылга депутат болуп эки жолу шайланган. Ал жерде 2012-2021 жылга чейин иштеп, 8 жыл ичинде алгылыктуу иш кылып, спорт тармагын өнүктүрдү. Жаштарды спортко үндөп, «Ынтымак футбол» клубун негиздеди. Депутат катары өзүн көрсөтө алгандыгы менен жаштарга үлгү болуп, айыл аксакалдарынан бата алган жигит. Мына, бул жолу дагы элинин батасын алып, парламенттик шайлоого аттанып турган кези. «Эч бир партияга кошулбайм! Эч бир саясатчынын алдында башкарууда калгым келбейт, эркин депутат болгум келет! Элим колдоп, шайлоодон өтүп парламентке келсем, кандай иштеш керек экендигин, элдик депутат кандай болуш керектигин сөз менен эмес, иш жүзүндө көрсөтөм!»,-деген принцип менен аттанды.

Депутат болгончо убада бербеген, өткөндөн кийин убара кылбаган жөнөкөй жигит. Ушундай популист эмес жаштарды парламенттен көргүм келет. Иниме ийгилик каалайм!

Маалымат үчүн эске сала кетсек, быйылкы парламенттик шайлоонун системасы өзгөртүлгөн. Президент Садыр Жапаров президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга 27-августта кол койгон. Ал мыйзамга ылайык, эми Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат. Буга чейин депутаттар пропорционалдык система менен партиялык тизме боюнча шайланып келген болсо, эми аралаш шайлоо системасы болот.

БШК билдирүүсүнө караганда, Кыргызстанда 36 округ бар. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер 18-октябрда саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш. Парламенттик шайлоо 29-ноябрда өтөт…

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.