Оштон жөө жүрүшкө чыккандар Бишкекке келишти

Оштон жөө жүрүшкө чыккандар Бишкекке келишти

Ош облусунун Кара-Суу районунун сатып алган жерге курган үйүн түрттүрүү коркунучу пайда болгонун айткан тургундар Бишкекке чейин жөө жүрүш жасаганын билдиришти. Алар бүгүн, 11-октябрда Өкмөт үйүнө барып, президенттин коомдук кабылдамасында болушту.

Төрт адам Бишкекке Кара-Суудан 11 күндө келгенин, бийликтен адилеттүүлүк орнотууну жана райондун мурдагы акими Тилек Матраимовду жоопко тартууну талап кылып жатышканын айтышты. Алардын билдиргенине караганда, 2018-жылы трансформация болуп, жеке колго өткөн жер үлүштөрүн ошол кездеги аким Матраимов “Ихлас” курулуш компаниясына мыйзам бузуу менен өткөрүп берген жана азыр “карапайым эл курган үйлөрдү түрттүрүп жатышат”.

Кара-Суунун Дыйкан-Кыштак айылынын бир нече тургуну буга чейин президентке, УКМК төрагасына даттанышкан жана сотторго, жергиликтүү бийликке нааразылыгын билдиришкен.

Матраимов Кара-Суу районун сегиз жыл башкарган. 2020-жылдын октябрь айындагы бийлик алмашуудан кийин кызматтан бошотулуп, камакка алынган. Ош шаардык сотунун чечими менен бир айдан кийин үй камагына чыгарылып, айыпка жыгылганы маалымдалган. Ал эми жергиликтүү бийлик үйлөрдү буздуруу боюнча чечимдер мыйзамдуу болгонун айтууда. Матраимов өзү же анын жактоочулары бул чыр боюнча комментарий бере элек.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.