Мелис МЫРЗАКМАТОВ: «Партиябыздын аброюн түшүрүүгө аракет жасашты…»

Мелис МЫРЗАКМАТОВ: «Партиябыздын аброюн түшүрүүгө аракет жасашты…»

Бириккен партиялар… Келишимдер…

Кезектеги парламенттик шайлоо, буйруса, 28-ноябрда өтөт. Учурда ар бир партиянын съезди өтүп, талапкерлер тизмеси бекитилүүдө. Бир мандаттуу округдан багын сынап жаткандар өз алдынча БШКга арыз тапшырышууда, ал жөрөлгө болсо, 13-октябрда аяктайт.

Эми партияларга келсек, бүгүн, 11-октябрда, “Улуттар биримдиги” элдик партиясынын кезектеги съезди Бишкекте өтүүдө. Аталган партиянын багыттары, программасы менен Мелис Мырзакматов тааныштырды.

Айтмакчы, буга чейин айрым партиялардын лидерлери бул партияга биригип, парламенттик шайлоого чогуу аттануу ниеттерин билдиришкен. Алсак, Мелис Мырзакматов («Улуттар биримдиги»), Феликс Кулов («Ар-Намыс»), Артур Медетбеков («Кыргызстан Элдик-Демократиялык саясий партиясы») жана ар кыл кыймыл жетекчилери, маселен, Дмитрий Феодоров («Мекендештер»), Кубанычбек Исабеков («Элдик көзөмөл»), Саитжан Эратов («Мекен сакчысы»), Айбек Турганбаев («Көзөмөл») ич ара биригип, 4-октябрда келишимге кол коюшкан.

Мелис МЫРЗАКМАТОВ: «Партиябыздын аброюн түшүрүүгө аракет жасашты»

“Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын жаралыш тарыхына кайрылсак, ал 2010-жылы уюшулган. Андан бери партиянын, анын лидери Мелис Мырзакматовдун башынан көп кыйынчылыктар өттү. Бул тууралуу бүгүнкү съездде да айтылды. «Мага гана эмес, партиялаштардын көпчүлүгүнө ойдон чыгарылган күнөө тагылып, куугунтуктоолор тынымсыз жүрүп турду. Партиябыздын аброюн түшүрүүгө аракет жасашты«, — деди Мелис мырза.

Мелис Мырзакматов 2010-жылдагы кандуу окуяларга да күбө болгон. Агезде мэр болчу, анда эл, мамлекет үчүн кызмат кылганы анык. Тилекке каршы, саясий куугунтукка кабылып, 2014-жылы Кыргызстандан Түркияга чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бирок, партиясынын оту өчпөдү. Аны кыймылдатып (партиянын төрагасынын милдетин аткарып) турган белгилүү мамлекеттик ишмер, эмгек сиңирген куруучу Бейшенбек Болотбеков болгон.

Бала бакчаларды элге кайрып берген Мелис Мырзакматов

Мелис Мырзакматов айткан сөзүнө бекем турган, айтса аткарган жигитчилик жайы бар деп кесиптештеримден угуп эле келгем. Жыл сайын бала бакча курганын, Союз учурунда урап калгандарын да оңдоп, колдонууга бергенин угуп ичим жылыган. Далил менен айтсак, 2010-жылдан 2013-жылга чейин 4 мамлекеттик бала бакча курулуп, колдонууга берилген. Мындан сырткары, 10 жеке менчик бала бакча ачууга салымын кошкон. 1980-жылдары ачылган «Мурас» балдар бакчасы 1995-жылы экономикалык шартка байланыштуу жабылып, ЖОЖдордун бирине ижарага берилип кеткенде Мелис Мырзакматов аны элге кайтарып берип, музыкалык аспаптарды сатып алууга шаардык бюджеттен 2,5 млн сомго жакын каражат бөлгөн. Ал мэр болуп турганда Ош шаарына жакын жайгашкан айылдарда да бала бакчаларды курганы айтылып келет. Алсак, Жапалак айыл өкмөтүнүн Орке айылында 210 орундуу «Арча бешик», Төлөйкөн айылында 90 балага ылайыкталган «Жеткинчек» бала бакчалар курулган. Мелис мырзанын кылган иштерин санай берсек толтура. Анын алдына койгон негизги максаты — Кыргызстандын атын ааламга даңазалап, күчтүү мамлекет катары көрсөтүп, эл аралык аренада салмактуу орду бар экенин далилдеп эл, жерге ак, таза кызмат кылгысы келет.

Мелис МЫРЗАКМАТОВ: «Эшимкановдор мен сыйлаган үй-бүлө»

Өткөн жумада журналист сиңдим Салима аркылуу Мелис Мырзакматов менен жакындан таанышып калдым. Ушунчалык кичипейил, жөнөкөй, адамгерчиликтүү адам экен. Жолдошум Эрнистин да адамдан издегени дал ушул сапаттар эле. Байымдын «Каалга» аттуу ыр китебин ала баргам. Бергенде эле: «Эрнис Асек уулу сиздин жолдошуңуз беле? Мекемдин иниси да» деп кубанып алды. Анан мага көңүл айтып, кайын агам Мелис байкебизди мактады. «Кайран, Мекем өрт эле, мыкты эле. Мен жакшы мамиледе болчумун. Аттиң, жаш кетти да. Эми ага-ининин жаткан жерлери жайлуу болсун! Мен сыйлаган үй-бүлөдөн турбайсызбы«, — деп Эрнистин «Каалгасын» барактап кирди…
Жолдо келатып, Мелис байке менен Эрнисти эстеп, жүрөгүм сыздап, көзүмө жаш тегеренди. Эрте кеткендерине ичим ачышты….
А бирок, алар тууралуу кымындай болсо да жылуу сөз укканда, ичим жылыйт. Жылуу сөздөр, жылуу мамилелер мага күч-кубат берип келет. Эки гений ага-ини тууралуу жакшы гана сөз гана уккум келет. Жасаган иштери, элге кылган эмгеги, аттары унутулбаса дейм.

Бийлик менен БШК таза шайлоо өткөрүп берээр…

Маалымат үчүн эске сала кетсек, быйылкы парламенттик шайлоонун системасы өзгөртүлгөн. Президент Садыр Жапаров президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга 27-августта кол койгон. Ал мыйзамга ылайык, эми Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат. Буга чейин депутаттар пропорционалдык система менен партиялык тизме боюнча шайланып келген болсо, эми аралаш шайлоо системасы болот.

БШК билдирүүсүнө караганда, Кыргызстанда 36 округ бар. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер 18-октябрда саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш. Парламенттик шайлоо 29-ноябрда өтөт…

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо былтыр, 4-октябрда өткөн. Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон эл эртеси митингге чыгып, ал толкундоолор акыры бийлик алмашууга алып келген. Ошол эски бийликтин одоно, орой катачылыгынын айынан өлкө башына келген азыркы бийлик жана шайлоо өтүшүнө түздөн-түз жоопкер БШК таза шайлоо өткөрүп берет деген ниеттебиз…

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.