ИМБДУнун алтын медалы менен Түгөлбай Казаков, Акылбек Усупбаев сыйланды

ИМБДУнун алтын медалы менен Түгөлбай Казаков, Акылбек Усупбаев сыйланды

Кечээ, 27-октябрда, Кыргызстанда алгачкы мамлекеттик инновациялык борбордун расмий ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун, Евразия патенттик ведоствосунун жана БУУнун Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү, эл аралык жана жергиликтүү эксперттер, Кыргызпатенттин өнөктөштөрү жана стартапчылар катышты. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Алардын айтымында, борборду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ачып, катышуучуларды долбоордун ийгиликтүү ишке ашышы менен куттуктап, Министрлер кабинетинин тематикалык отурумдарын ушул инновациялык борбордо өткөрүү пландалып жаткандыгын билдирген. Андан кийин Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) генералдык директору Тарен Танг (онлайн) жана Евразия патенттик ведомствосунун президенти Сауле Тлевлесова чыгып сүйлөп, ийгилик каалашты. Аягында сыйлыктар тапшырылды.

ИМБДУнун Алтын медалы менен:

1. Композитор, Кыргыз эл артисти Казаков Түгөлбай Токтогулович автордук укук жана чектеш укуктар чөйрөсүндө маданий жана социалдык өнүгүүгө, чыгармачылык ишмердикке болгон сый-урматты арттырууга кошкон салымы үчүн сыйланган.

2. Өлкөнүн экономикалык жана илимий-техникалык өнүгүүсүнө, ойлоп табуучулук ишмердикке кошкон салымы үчүн “Ойлоп табуучулук үчүн” номинациясы боюнча медицина илимдеринин доктору, профессор, КРнын эмгек сиңирген дарыгери, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмери Усупбаев Акылбек Чолпонкулович сыйланган.

3. ЕАПУнун В.И. Блинников атындагы Алтын медалы менен “Ойлоп табуучулук ишке кошкон салымы үчүн” номинациясы боюнча техника илимдеринин доктору, профессор, транспорт эл аралык  академиясынын (Санкт-Петербург) академиги, билим берүүнүн мыктысы, ойлоп табуучу Тургумбаев Жеңишбек Жумадылович сыйланган.

Сыйлыкты ЕАПУнун президенти Сауле Тлевлесова жана БУУнун туруктуу координатору, КРдагы БУУнун өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Озонниа Ожиело тапшырды.

Сыйлык сиздердики — сыймык биздики. Куттуктайбыз!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.