Садыр Жапаров Глазго шаарына жетти. Ал жактан кайрылуу жасайт

Садыр Жапаров Глазго шаарына жетти. Ал жактан кайрылуу жасайт

Бүгүн, 1-ноябрда президент Садыр Жапаров Улуу Британия Королдугу жана Түндүк Ирландия Глазго шаарына жетти. Мамлекет башчыны аэропорттон Ханыша Елизавета II жана Улуу Британия Өкмөтүнүн жогорку өкүлдөрү тосуп алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, президент делегация курамы менен кечээ, 31-октябрда иш сапары менен учуп кеткен. Мамлекет башчы 1-2-ноябрда БУУнун климаттын өзгөрүшүнө арналган конференциясына катышып, саммитте кайрылуу жасайт. Мындан тышкары, чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуулары пландалган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.