Президент энергетикадагы кризис жакынкы жылдары чечилет дейт

Президент энергетикадагы кризис жакынкы жылдары чечилет дейт

Президент Садыр Жапаров талкуу жаратып жаткан электр энергиясы жана көмүр маселеси боюнча өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу түшүндүрмө берди.

Мамлекет башчыбыз акыркы он жылда бир дагы ГЭС салынбаганын, электр энергиясынын бир киловаттын беш сомдон алып, элге 77 тыйындан берип турушканын, бул бүтүн системаны банкротко алып келип, мурдагы бийлик 140 млрд. сомго жакын ички-тышкы карызга батканын, бул карыздан четинен кутула баштаганыбызды жазды.

Мындан ары бир тыйын карыз албайсыңар. Импортту беш сомдон алууну токтотобуз. Бизде өздүк наркы канча болсо, ошончодон алабыз же өзүбүздөн иштеп чыгабыз” деп тапшырма бергем. Бүгүн импорттун баасы эки сомдун тегерегинде болуп жатат. 140 миллиард сом карызды көбөйтпөстөн четинен кутулуп баштадык. Кичи жана орто ГЭСтерди сала баштадык. Кудай буюрса, 2024-2025-жылдарга барып, энергетика системасын кризистен алып чыгабыз. Импорттоочу эмес, экспорттоочу өлкөгө айланабыз. Ага чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаевди “куурдак” кылып кууруп жесеңер дагы бул система кризистен чыкпайт«, — деген Жапаров.

Көмүр маселеси боюнча, “Кыргызкөмүрдө” жайы менен саботаж кылып жатышып көмүр казуу кеч башталганын, бул тармактагы коррупцияны жоюуга аракеттер көрүлүп жатканын айткан. Анан кыйла жылдар «жабылуу аяк» алдында келе жаткан кызык бир кыңыр ишти жазды. Ал —  «Кара-Кечеден Балыкчыга, Балыкчыдан Бишкекке ташылган «воздух» көмүр, тагырагы, «кумдуу» көмүр тууралуу…

«Кара-Кечеден Балыкчыдагы көмүр кампага машинанын номери менен кагаз эле келет экен. “Баланча машина менен түкүнчө тонна көмүр келип түштү” деген. Мөөр басылып, кабыл алынды болот. Тагыраак айтсам, «воздух» келет. «Воздух» көмүрдүн ордун эмне менен толтурушат экен дебейсиздерби? Балыкчыдагы кампадан кум аралаштырып жиберишет экен. Мына ошентип, ТЭЦке алып келгенде бармак басты, көз кысты болуп эле өтүп кетип турган. Кара-Кечеден баштап, ТЭЦке чейинкилер менен кумдан түшкөн пайданы бөлүшүп турушкан. Ошентип ТЭЦ кум аралашкан көмүр жагып жүргөн«, — деп жазды Жапаров.

Айтмакчы, маалымат үчүн, электр жарыгын керектөө боюнча»Түндүк электр» ишканасы 1-ноябрдан тартып бир фазалуу абоненттер үчүн 5 киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизди. Мындай кадам алдыдагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү жана электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу максатында жасалып жатат дешти. Кайсы бийлик болбосун, айтыла берип кулак угуп көнгөн башкы себеп — Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жылдагыдан аз, андыктан аргасыз чечимди түшүнүү менен кабыл алууга мажбурбуз… Себеп, жогорудагы чектөө канчага созулары белгисиз…

Бирок 5 киловатт боюнча нааразылык айтылып баштады. Бирок «энергетика министри Доскул Бекмурзаевди…», башкасын да “куурдак” кылып кууруп» жей албайбыз, ноябрь айына Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү — 11,9 млрд кубметрди түзгөн. Айтымында, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2,8 млрд кубометрге аз. Ашыкча электрди коротпой, жогорудагы чектөөнү сактасак, буйруса, «11,9 млрд кубометр күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүгө жетет» экен…

Сактабасак… чыдашыбыз керек… «азырынча ушундай жашап тургула» дейт “Түндүк электр” кызматы…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.