ИИМ: «Жаныш Бакиевдин портрети стендден алынды»

ИИМ: «Жаныш Бакиевдин портрети стендден алынды»
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Жаныш Бакиевдин портрети стендден алынганын билдирди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы бүгүн, 11-ноябрда, билдирди.
«Урматтуу жарандар, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кетирилген кемчиликтер үчүн коомчулуктан кечирим сурайт. Бүгүн баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшкөн түзүмдүн мурдагы жетекчилеринин портрети илинип, ал жакка эч кандай күмөн ойлорсуз Ж.Бакиевдин дагы портрети  кошулган. Бирок бул кетирилген катачылык учурунда оңдолуп, стендден портрети алынды«, — деп жазылат ИИМдин маалыматында.
Эске сала кетсек, Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. Беш жыл үй-бүлөлүк башкарууну орноткону үчүн 2010-жылы 7-апрелинде революция болуп, ал өлкөдөн үй-бүлөсү, бир туугандары менен качып кеткен. Жөн кетпей 90го чукул бейкүнөө адамды аттырып, кан төгүп кеткен.

Кандуу окуя боюнча сот болуп, Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыккан болчу…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.