ВИДЕО — Айып Алакунов менен Кыял Аккүчүкованын көргөзмөсү Парижде. Элчинин билдирүүсү…

ВИДЕО — Айып Алакунов менен Кыял Аккүчүкованын көргөзмөсү Парижде. Элчинин билдирүүсү…

Биздин мыкты сүрөтчүлөрүбүз Айып Алакунов менен Кыял Аккүчүкованын көргөзмөсү Францияда 9-декабрдан бери өтүүдө, 18-декабрга чейин уланат. Мындай жакшы маалыматты Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди.

Садык ШЕР: «Биздин максат кыргыз сүрөтчүлөрүн Париж аркылуу дүйнөгө таанытуу!»

Садык Шер-Нияздын айтымында, эки сүрөтчүбүз 7-декабрда Францияга учуп барышкан.

Сынак аркылуу Эл аралык эксперттердин тандоосунан өткөн эки сүрөтчүнүн түрдүү жанрдагы картиналары Париждеги «55 Bellechasse” арт галлереясына коюлган.

Сүрөтчүлөрүбүзгө “Айтыш” коомдук фонду менен кинорежиссёр Айбек Дайырбеков колдоо, элчилик (Азамат, Нурбек) жардам көрсөткөн. Алардын башкы максаты: кыргыз сүрөтчүлөрүн Париж аркылуу дүйнөгө таанытуу!

«Көргөзмө ачыла электе эле Айып Алакунов тарткан Сүймөнкүл Чокморовдун картинасы сатылып кетиптир«,-дейт элчи.

Төмөндөгү ВИДЕО элчинин баракчасынан алынды. Анда Айып Алакунов менен Кыял Аккүчүкова жана галереянын ээси Бертран, вице-мэр Josiane Caude сүйлөйт:

Айып Алакуновдун ыраазычылыгы

Айып Алакунов «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:

— Ошентип, Парижде көргөзмө ачтык. Устатым, эл сүрөтчүсү Төрөбеков Сүйүтбек агайга, демилге көтөрүп, бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген Садык Шер-Нияз мырзага, элчиликтин кызматкерлери Азамат мырза менен Нурбек мырзага, галереянын кожоюну Бертранд мырзага, Ата-Энеме, бир туугандарыма, жубайыма, балдарыма, дегеле менин жакшы санаалаштарыма терең ыраазычылык билдирем!

Эл аралык жана республикалык сүрөт көргөзмөлөрүнүн бир нече жолку катышуучусу Айып Алакуновдун өмүр баянына учкай токтоло кетсек, ал Нарындын кулуну. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айылында 1978-жылы 1-январда жарыкка келген.

Жогорку билимдүү. Алгач С.Чуйков атындагы сүрөт окуу жайында окуган. Андан кийин (2003-жылы) Т.Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясын аяктап, аспирантурасында окуган. Мугалим, академиянын коллежинде сабак берет. Үй-бүлөлүү.  Жубайы Салтанат да мугалим. Бир уул, эки кыздын ата-энеси.

Республикалык жана эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнүн бир нече жолку катышуучусу Кыял Аккүчүкова  Жалал-Абад облусунда 1988-жылы 22-январда туулган. Т.Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясынын скульптура бөлүмүн бүтүргөн. Академиянын графика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.