КЫРГЫЗПАТЕНТ: «Сүрөтчү Асаналиевдин “Манас Рух гүлазыгы” көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү»

КЫРГЫЗПАТЕНТ: «Сүрөтчү Асаналиевдин “Манас Рух гүлазыгы” көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү»
Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда “Автордук укук – креативдүү индустрияны өнүктүрүүнүн негизи” иш-чаралар сериясынын алкагында, сүрөтчү Майрамкул Асаналиевдин “Манас Рух гүлазыгы” автордук көргөзмөсүнүн ачылыш аземи жана Айбек Байымбетов менен Жаныш Ботойдун автордук-режиссердугу астында тартылган анимациялык роликтин бет ачары бүгүн, 16-декабрда өткөрүлдү. М. Асаналиевдин эмгектери “Манас – кыргыз касиети” анимациялык ролигинин негизин түзөт.
Мындай маалыматты Кыргызпатенттин Басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, иш-чарага Президенттин аппаратынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Венгрия жана Монголиядагы Кыргызстандын элчилери, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери министрлигинин, эл аралык жана коомдук фонддордун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана ЖОЖдордун мугалимдери катышты.
Бул иш-чараны Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жана «7-небо» чыгармачылык студиясы уюштурган. Өнөктөштөр: Борбор Азия университети жана «ИСУР» коомдук фонду.
Көргөзмөдө автордун жаңы сүрөттөрү жана анын негизинде тартылган анимациялык ролик сүрөтчүлөрдүн, акын-жазуучулардын, илимпоздордун, манас таануучулардын жана манасчылардын көңүлүн өзүнө бурган.
Майрамкул Асаналиевдин сүрөттөрүнүн көргөзмөсү 22-декабрга чейин уланат.
Дареги: Эркиндик проспекти, 58 А.
Кыргызпатенттин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.