«Тоолордун ханышасы Курманжан» китеби англис тилине которулду. Бет ачар аземине Жунусов катышты

«Тоолордун ханышасы Курманжан» китеби англис тилине которулду. Бет ачар аземине Жунусов катышты

Бүгүн, 16-декабрда КРнын Эмгек сиңирген ишмери, акын Бүбайша Арстанбекованын «Тоолордун ханышасы Курманжан» (Queen Kurmanjan of the Mountains) аттуу китеби англис тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында,  «10-Ачык Евразия» адабий фестивалы жана китеп форумунун (OEBF) алкагында, аталган китептин бет ачар аземи Ташкент шаарында болуп өтүп, ага Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов катышкан.

Элчи Ибрагим Кожоназарович акын Бүбайша Арстанбековага ыраазычылык билдирип, тарыхый инсан Курманжан даткага кыскача токтолгон. «Алай ханышасы эки жолу «датка» наамын алган аймактагы башкаруучу жалгыз аял болгон. Курманжан датка оор кырдаалда даанышман жана көрөгөч башкаруусу болуп, кыргыз элинин мындан аркы өнүгүүсүн алдын ала аныктаган тарыхый инсан»,-деп билдирген элчи.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.