ЖУНУСОВ: «Закировдун чыгармачылык мурасы бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин жогото элек»

ЖУНУСОВ: «Закировдун чыгармачылык мурасы бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин жогото элек»

Кечээ, 21-декабрда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Өзбек Эл артисти, Өзбекстандын эстрада искусствосунун негиздөөчүсү Батыр Закировдун 85 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты. Бул тууралуу Элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, иш-чарага Азербайжандын, Казакстандын (онлайн түрдө), Өзбекстандын Эл жана Эмгек сиңирген артисттери, республиканын белгилүү композиторлору, маданият кызматкерлери катышкан. Иш-Конференцияга катышкан Өзбекстандын Маданият министри Озодбек Назарбеков, Өзбек Эл артисти Фаррух Закиров жана Ибрагим Жунусов юбилярды куттуктап, сөз сүйлөшкөн.

Элчи Ибрагим Жунусов өз өлкөсүн советтер Союзунан тышкары тааныткан өзбек эстрадасынын легендасы Батыр Закировдун ысымы менен Өзбекстанда эстрадалык искусствонун калыптануу жана өнүгүү тарыхында бүтүндөй бир доор байланыштуу экенин, Өзбекстанда көчөлөргө жана искусство мектептерине ысымы ыйгарылган Батыр Закировдун чыгармачылык мурасы бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин жогото электигин баса белгиледи.

Ошондой эле, ал анын урматына ар жыл сайын өзбек сахнасынын жаш жана белгилүү вокалисттеринин катышуусунда концерттер, көргөзмөлөр жана фестивалдар өткөрүлүп турарын, быйыл Батыр Закировдун 85 жылдыгы Өзбекстанда кеңири белгиленип жатканын айтып, эл аралык илимий-практикалык конференциянын ишине ийгиликтерди каалады.

Конференциянын жүрүшүндө, катышуучулар Батыр Закировдун чыгармачылык мурасынын улуттук искусствону өнүктүрүүдөгү орду жана маанисин талкуулашты. Аягында гала-концерт өтүп, Батыр Закировдун ырлары ырдалды.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.