Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Кичүү кызыма апамдын Айсара ысымын бергенбиз»

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Кичүү кызыма апамдын Айсара ысымын бергенбиз»
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 22-декабрда 64 жашка чыкты. Ошондон бери куттуктоолор тынбай айтылып да, жазылып да жатат. Бүгүн, 24-декабрда, «Ата Мекен» партиясынын кыздары да оригиналдуу белек берип  куттукташты. Бардык куттуктоолорго «Алакан» сайтынын жамааты да кошулат: Өмүрбек Чиркешович, чың ден соолукта, жакшы адамдардын курчоосунда, үй-бүлөңүздүн маңдайында жакшы күндөрдүн ээси болуп жүрө бериңиз!

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Апамдын акыркы кеңеш-керээзи экен, көрсө…»

Өмүрбек Чиркешович туулган күнүнөн бир күн мурун — 21-декабрда — аны жарык дүйнөгө алып келген асыл апасын эстеп  «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырган:
Эртең менин туулган күнүм. Туулган күнүм менен баарынан биринчи апам телефон чалып куттуктайт эле. Менин туулган күнүмдү чыдамсыздык менен күтүп, куттуктаганга шашкан адам апам эле. Анысын билип, мен да апамдын звоногун күтөт элем. Эртең андай звонок болбойт. Билсем да андай звонокту күткүм келет. Эми туулган күн мага мурункудай мааниге ээ болбой калды.
2016-жылы күзүндө мен айылга бардым. Айылга барган сайын апам менен бир бөлмөдө, апам диванда, мен жанына полго төшөк салдырып жатчумун. Түн бир оокумга чейин айылдагы жаңылыктарды сүйлөшөт элек.
Бир жолу апам “менин да бара турган убактым болду, мени менен теңдер 15-20 жыл мурда өтүп кетишти, андан кийин өзүмдөн 15-20 жаш кичүү келиндер менен достоштум, алар да өтүп кетишти” деп сөз козгоп калды. Мен “апа, алдыда сен көрө турган чоң-чоң окуялар, жакшылыктар көп, шашпа” деп айттым. Бирок, ичимден “биз эмнени туура эмес кылдык, эмнеге апам бул дүйнөдөн тажап кеткиси келип жатат” деп көпкө бушайман болуп жүрдүм.
Бир нече айдан кийин, 2017-жылдын февралында Венадан кайтып келе жатканымда мени Атамбаевдин буйругу менен кармап, УКМКнын СИЗОсуна камашты. СИЗОнун башчысы Бакыт деген жигит жумасына бир жолу апам менен телефон аркылуу сүйлөшкөнгө уруксат берет эле. Телефондон апамдын үнү чыйрак, кайраттуу чыгып калыптыр. Ошондо мен Бакытка: “Бакыт, менин камалганымдын терс эле жагы эмес, жакшы жагы да бар. Бул дүйнөдөн чарчадым деп кеткиси келип жаткан апамдын үнү кайраттуу чыгып, чыйралып, пландарды түзүп, күрөшкө чымырканып калыптыр. Жок дегенде апама дагы бир нече жылга жашаганга дем, мотивация берсин үчүн дагы мен Кудайга ыраазы болушум керек”,- деп айттым эле.
Акыркы жолу апам 2020-жылдын октябрында Бишкекке биздин үйүбүзгө келип, декабрда кетти. Айылга кетээринде мага: “Уулум, бүгүнкүлөргө (бийликтегилер дегени) ишенбе! Адамдар антип айтып жатат, минтип айтып жатат деп уга бербе, жүрөгүң айтканды, көңүлүңө жакканды кыла бер!”,- деп бата берген. Ал апамдын акыркы кеңеш-керээзи экен, көрсө…

Архивден…

«Кичүү кызыма апамдын Айсара ысымын бердик”

2012-жылы, 24-майда, “Де-факто” гезитине андагы ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев апасы боюнча айтканын чыгардык эле. Ошону кайрадан кайталап, алдыңыздарга берип турубуз.
 Апамдын аты — Тилла, жакында, буюрса, 80ге чыгат. 1933-жылы төрөлгөн. Агезде документтер болбогондуктан, «өрүк гүлдөгөн маалда төрөлгөм» деп калат. Ошол себептен, апамдын туулган күнүн жаз айында белгилейбиз. «Тилла» — бул биздин региондун диалектисинде «алтындын» синоними. Балдарымдын бирине атамдын, кыздарымдын бирине апамдын ысымын берейин деп жүргөн элем. Бирок атамдын ысымын коюуга апам да көнбөй, аялым да: «Мен аны кантип чакырам» деп болбой койгон. Кичүү кызым төрөлгөндө апамдын атын коем деп калдым. Апам өзү да бул ойду жактырбады. Бирок, баары бир оюмдан кайтпай, Айсара ысымын бердик. «Сара» иран тилинде «алтындай», еврей тилинде «кубаттуу ханыша, кожейке» дегенди билдирет экен.

Атам да эрте жетим калып, апам да жетим чоңойгон. Апам Сузактын Кара-Дарыя айылынан, атам Базар-Коргондон. Автобус жүрбөгөн, жол жок убакта экөө кантип табышып калганын билбейм. Алар үйлөнгөндө апам 18де экен, балким, андан да жаш болгон болсо керек. Анткени, атамдын достору: «Чиркеш, сен жаш кызга үйлөнүп алдың, Совет өкмөтү сени бул үчүн камап коет» деп тамашалашчу экен. Ошондон улам, атам өзүнөн үч жаш гана кичирейтип, апамдын жылын 1930-жыл деп жаздырыптыр. Апам пенсияга чыкканда атам: «Көрдүңбү, ошондо мен көрөгөчтүк кылган экенмин, пенсияга үч жыл эрте чыктың» деп тамашалап калчу.

Апамдын жаш кезин элестетсем, көз алдыма башынан кыргыз келининин классикалык тагдырын өткөргөн, үйдө аз сүйлөгөн, уяң мүнөз, өтө байкалбаган, бирок колхоздун да, үйдүн да жүгүн көтөргөн айым тартылат. Апам Социалисттик эмгектин ударниги болгон. Нормаларды ашыра аткарчу, өзгөчө күзүндө атаандаштык күч алат эле. Колхоздун радио түйүнүнөн пахта теримдин күнүмдүк жыйынтыгын чыгарып, айтып турушчу. Атам баш болуп ошону угуу үчүн түнкү саат 12лерге чейин уктабай сводканы күтүп отурчубуз. «1-бригададагы Текебаева Тилла 140-150», кээде «200 килого чейин пахта терди» деп колхоз боюнча биринчи же экинчи орунду ээлегенин айтат эле. Аны угуп, биз апабыз менен сыймыктанчубуз. Ошол сыймыктуу сезим ал кезди эстегенде азыр да дал ошол калыбында менде пайда боло түшөт. Апамдагы намыскөйлүк, өжөрлүк, мээнеткечтик, үй-бүлөнүн кадыр-баркын сактоо үчүн жанын үрөгөн сапаттар, азыр ойлоп көрсөм, бардык эле кыргыз аялдарына таандык экен.

 Назира СААЛИЕВА,

«Де-факто», 2012-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.