ВИДЕО — Калмаматовдун абактан жазган каты. Апасынын президентке кайрылуусу…

ВИДЕО — Калмаматовдун абактан жазган каты. Апасынын президентке кайрылуусу…
28-ноябрдагы парламенттик шайлоого «Азаттык» партиясынын тизмесинде талапкер болгон парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов учурда абакта. Анын атынан жалган билдирүүлөр таратылып жатканы тууралуу кайрылуусу «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырылды.

КАЛМАМАТОВ: «Душмандарым ар кандай каралоону уюштуруп жатат»

 
— Урматтуу мекендештер!
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой мен учурда камакта отурам. Мага коюлуп жаткан айып акылга сыйбайт жана адилетсиз. Бирок, сөз башкада. Тилекке каршы, менин душмандарым менин абакта отурганымдан пайдаланып, менин үстүмдөн ар кандай каралоолорду уюштуруп жатышат. Тагырагы, мага байланыштуу ар кандай жалган маалыматтарды социалдык тармактарда жайылтышууда.
Мен камакка алынгандан бери бир да жолу суракка алынган жокмун. Жактоочуларымдан башка эч ким менен сүйлөшө элекмин.
«Бийлик менен сүйлөшүүөрдү жүргүзүп жатыптыр, Исмаил Исаковго, Ахматбек Келдибековго, Өмүрбек Текебаевге жана Жылдызкан Жолдошевага карата көрсөтмө берип жатыптыр» деген маалыматтар толугу менен жалган. Кимдир бирөөлөргө карата каршы көрсөтмө берүү ниетим да жок. Андай болушу да мүмкүн эмес. Тескерисинче, мага кырдаалдан көз карандысыз ар тараптан колдоо көрсөтүп жатышкан ар бирине, өзгөчө калың элиме терең ыраазычылык билдирем!
Урматым менен, Бактыбек Калмаматов
28.12.2021

Калмаматовдун апасынын кайрылуусу

Бактыбек Калмаматовдун апасы Тилдабүбү Жээнтаева да уулу мындай сөздү айтпаганын, жалган жалаа экендигин баса белгилеп президент Садыр Жапаровго кечээ кайрылуу (уулунун «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырылды) жасаган. Анда ал кайрылууда акыйкат орноп, баласы абактан чыкпаса, мындан ары кандай кадамга бара тургандыгы айтылган. Аны бу жердеги ВИДЕОдон угуңуздар!
Белгилей кетсек,  буга чейин «Калмаматов бийлик менен сүйлөшүп жатыптыр, Исмаил Исаковго, Ахматбек Келдибековго, Өмүрбек Текебаевге жана Жылдызкан Жолдошевага каршы көрсөтмө берип жатыптыр» деген маалыматтар социалдык тармактарга тараган.

Калмаматов кайсы күнөөсү үчүн камакта отурат?

Бактыбек Калмаматов 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда «Манас» эл аралык аэропортунан кармалган. Аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен айыптап, 22-декабрда камакка алган. Биринчи май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, 9-февралга чейин абакта калтыруу чечими чыккан.

Ушул жылдын 11-январында өткөн президенттик шайлоого катышкан Бактыбек Калмаматов 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого «Азаттык» партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% чектен өткөн эмес. Буга чейин 2010-жылы «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.