ВИДЕО — БАЙСАЛОВ: «Панка посадили на 48 часов. Байкуш бала проведет ночь в отделении»

ВИДЕО — БАЙСАЛОВ: «Панка посадили на 48 часов. Байкуш бала проведет ночь в отделении»

«Пока то да сё, этого паренька — панка посадили на 48 часов. В его освобождении мне отказали. Речь идет об “оскорблении представителя власти”, а не лично меня. Байкуш бала проведет ночь в отделении» деп «Твиттердеги» баракчасына жазды Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.

Бул ШИЛТЕМЕни бассаңыз, Эдил Байсалов «байкуш бала» деп боору ачып жаткан, өзүн мурунку бир видеолордо»дүйнөдөгү биринчи этно-панкмын, философия — абсолюттуу эркиндик үчүнбүз, бирок өзүмдүн да маданиятымды карманам, энто-панктар айтышты көрөт» деп тааныштырган жапжаш жигитти көрөсүз…

Байсаловдун дооматы жок экен. Ал эми милициянын айтымында…

Кечээ, 6-январда, Жогорку Кеңеш имаратынын алдында Кыргызстан аскерлерин Казакстанга жиберүүгө каршы пикет өткөн. Эдил Байсалов ишине кирип баратып журналисттер суроосуна жооп берип кетип жатканда ага бир бала ортоңку манжасын көрсөткөн. Ал баланын ошол ишаарат сүрөтү социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынган.

Байсалов «Твиттердеги» баракчасына ага дооматы жок экендигин жазган. Анткен менен, ошол эле күнү ал бала Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, Жоруктар кодексинин 126-беренеси (“Майда бейбаштык”) боюнча материал толтурулган.

Милициянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аны текшерүү учурунда пакетке салынган 0,2 грамм белгисиз зат табылып, экспертиза дайындалган.

Экспертиза жыйынтыгын күтө туралы эми!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.