ВИДЕО — ТАШИЕВ: «Баары сонун болуп кетет дегенден алысмын. Эч ким эч кимге кепилдик бере албайт!»

ВИДЕО — ТАШИЕВ: «Баары сонун болуп кетет дегенден алысмын. Эч ким эч кимге кепилдик бере албайт!»

Курамы кыскарып, партиядан жана бир мандаттуудан деп жаңыча шайланып келген Жогорку Кеңеш депутаттары бүгүн, 7-январда, кезексиз жыйынга чогулуп, Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу ал жакка Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин жөнөтүү маселесин карап жатышат. Жыйында депутаттардын суроосуна Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, анын орун басарлары, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев, ИИМ башчысы Улан Ниязбеков, ТИМ жетекчисинин орун басары Ниязалиев жооп беришүүдө.

Кепти мурунку бир канча чакырылыштарда өнөкөт маселе болгон КВОРУМдан баштасак, спикер Талант Мамытов «53 депутат катышып жатат, кворум бар» деп, президент Садыр Жапаров жиберген катты окуп жыйынды ачты…

Казакстанга биздин аскердин барышына эл каршы

Эске салсак, Президент элге, депутаттарга кечээ кечке маал кайрылуу жасаган. Депутаттардан каршы болбоону суранган ал кайрылуу толугу менен бул жерде.

Бирок Ажонун ал кайрылуусунан кийин социалдык тармактарда, сыналгы, үналгыдан боордош элдеги жагдайга абай салып отурган эл агынан жарылып, «Чагымчылдык болуп кетпейби? Балдардын коопсуздугуна ким кепилдик берет? ЖККУдан баш тартып койсо болбойбу? Элге элди каршы коюуга болбойт! Тажикстан чек арага кол салганда жибербеген армияны Президент эмнеге Казакстанга жиберип жатат? Анда ал жакка Ташиев экөө, депутаттар өздөрүнүн балдарын жиберсин! Токаев менен Назарбаевдин бийлигин сактап калуу үчүн биздин аскер барбайт! Ойлонгула, ойгонгула, эл менен чогуу болгула. Силерди эл шайлаган!» сындуу ой-пикир, сунуш-өтүнүч, кайрылуулар жамгырдай эле жаап жазылды, дале жазылып жатат…

Эми бул маселе депутаттардын колунда. Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру Жогорку Кеңеш депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Алар кандай чечим чыгарат, көрөлү…

Камчыбек ТАШИЕВ: «Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, брондолгон 8 техника, 11 машина барат»

Эми башта айтып жаткан парламент жыйынына келсек, күн тартибинде Кыргызстандан Казакстанга аскер жиберүү маселеси каралууда. Алгач Жогорку Кеңештин жыйынына баяндамачы катары кечээ Министрлер Кабинетинин чечими менен дайындалган УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев (мындан сырткары, ага Казакстандагы окуялардын өнүгүүсүнө реакция кылуу боюнча өкмөттүк штабды ыкчам жетектөө милдети да жүктөлгөн — авт.) орус тилинде баяндама жасады. Анда ал ЖККУ алкагында Армения, Беларус, Орусия, Тажикстан канча аскер жибергени тууралуу маалымат берип, Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, брондолгон 8 техника, 11 машина барарын билдирди. Албетте буга депутаттардын бир канчасы реакция кылып, «Провокация болбойбу? Биздин аскерлердин коопсуздугуна кепилдик барбы?» сындуу суроолорду беришти эле, Ташиев: «Эч ким эч кимге кепилдик бере албайт!» деп күпүлдөп ачык эле айтты. Ишенбесеңиз, төмөндөгү ВИДЕОдон да угуңуз!

Казак элинин толкуну эмнеден башталып, эмне болуп уланды?

Нааразычылык акциясы Казакстандын Мангыстау облусундагы мунай калаасы эсептелген, 180 миңге жакын калк жашаган, бирок 15 миңге жакыны гана мунай өндүрүшүндө иштеген Жаңы-Өзөндө 2-январда башталган. 31-декабрда 100 теңге турган суюлтулган газ баасы бир түндө 120 теңге (23, 9 сом) болуп кескин кымбатташына нааразы эл борбордук көчөлөрдүн бирин жол кыймылын токтотуп тосуп, газ баасын 50-60 теңгеге түшүрүү талабын коюшкан. Бул жакта дээрлик бардык автоунаа суюлтулган газ менен жүрөт экен.

Бирок Казакстан энергетика министрлиги менен облустук бийлик өкүлдөрүнүн бул талап орундалышы мүмкүн эместиги айтылган «Азыр биржада бир литр газ 70-85 теңге, бул газды ташуу операциялык чыгымдарды кошпогондогу сумма. Мурдагы 60 теңгелик бааны кайтаруу мүмкүн эмес» деген билдирүүсү кошумча болуп, Жаңы-Өзөндөн башка да газ баасы эки эсе кымбаттаган Атырау, Курыке, Акшукуре, Актау аймактарында да эл нааразылыгы башталып, толкундоолор жанданып, 4-январда күчөп, 5-январга караган түнү Алматы шаарында күч органдары менен элдин ортосунда кагылышуулар да болгон.

Ошол күнү эртең менен Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алып, Коопсуздук кеңешин эми Нурсултан Назарбаев эмес, өзү жетектей турганын, эч жакка кетпестигин, эл менен болорун айтып эки жолу элге кайрылып, бирок көп узабай Коопсуздук кеңеш жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү башаламандыкты токтотуп, тартипти орнотуу максатында деп Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сурап кайрылды. Ал кайрылуусунда өлкөдө болуп жаткан окуяларды «сырткы агрессия», «чет жактан олуттуу даярдыктан өткөн террорчулар уюштуруп жатат» деп баалап да жиберди…

Эл болсо,»карапайым калкпыз, биз — террорист эмеспиз» деп минтип жазып алып да, какшап да айтып жатат… 

Токаев кайрылган уюмга учурда төрагалык кылып жаткан Армения премьер-министри Никол Пашинян 6-январда: «Казакстан президенти К.-Ж.К.Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу жана Казакстан Республикасынын улуттук коопсуздугуна жана эгемендигине сырттан кийлигишүү да себепчи болгон коркунуч жаралгандыгынан улам ЖККУнун Жамааттык коопсуздук жөнүндөгү келишимдин 4-беренесине ылайык» Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрү чектелүү убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн Фейсбук аркылуу  билдирип, Орусия аскерлери Казакстанга бара жатканын Орусия медиасына шилтеме кылып  «centralasia.media» жазып чыкты. Андагы маалымат боюнча,  ЖККУ бейпилдик күчтөрүнө Россиядан аба-десанттык аскер бөлүмү кошулуп, ал аскерлер түшкөн Ил-76 учагы Чкаловский аэродромунан учуп кеткен…

Маалымат үчүн, ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Айтмакчы, 30 жылдай Казакстанды башкарып, 2019-жылы март айында президенттиктен кеткен Назарбаевге Коопсуздук кеңешин көзү өткөнчө башкаруу укугу өлкөнүн биринчи президенти жана Коопсуздук кеңеши тууралуу эки мыйзам менен бекитип берилген болчу… Башчысы түбөлүк бекиген Коопсуздук кеңештин укуктук макамы да өзгөргөн — консультациялык-кеңеш берүүчүдөн конституциялык органга айланган. Тагырагы, Казакстандын конституциялык түзүмүн, коргонуу, коопсуздугун камсыз кылуу бирдиктүү мамлекеттик саясатын координация кылуу бийлиги берилип, кеңештин жана анын төрагасынын бардык чечимдерин өлкөнүн бардык мамлекеттик органдары, кызмат адамдары кыйшаюусуз аткарууга милдеттендирилген. Эми бул укук Токаевдин өзүнө өтүптүр… формалдуубу, формалдуу эмеспи, ал да билинер…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Журналист, котормочу, акын Жыргалбек Касаболоттун макаласын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот!

One thought on “ВИДЕО — ТАШИЕВ: «Баары сонун болуп кетет дегенден алысмын. Эч ким эч кимге кепилдик бере албайт!»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.