Эсен болуп, эсей жүр!
РЕДАКЦИЯДАН: Белгилүү журналист, «Генерал Ысакбек» патриоттук демилгелерди колдоо коомдук фондунун президенти, «Учкун», «Ош жаңырыгы», «Пресс kg» жана «Эркин Тоо» гезитинин мурдагы редактору, кыргыздан чыккан туңгуч генерал Ысакбек Мониевдин небереси, кесиптешибиз Абдувахаб Мониев каза болгону бүгүн, 24-февралда маалым болду.
Маркумдун сөөгү эртең, 25-февралда туулуп-өскөн жерине коюлат.
Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Суук кабарды оор кабыл алдым»
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевдин көңүл айтуусу «Ата Мекен» партиянын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды:
— Абдувахаб Мониевдин дүйнөдөн өткөндүгү тууралуу суук кабарды оор кабыл алдым. Абдувахаб мыкты журналист, жазуучу эле эмес, принцибине бекем турган биздин санаалаш, пикирлеш, партиялаш эле. Ал «Ата Мекен» партиясынын катарында оор күндөрдө биз менен чогуу болду. Абдан сабаттуу, орундуу, токтоо жигит эле. Аттиң, эрте кетти. Орду толгус жоготуу. Кабыргабыз кайышып турат.