Президент Садыр Жапаров УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин эки киши менен кучакташып түшкөн сүрөтүн «Фейсбуктагы» баракчасына коюп, төмөндөгүдөй пост калтырды:
— Урматтуу кыргызстандыктар!
Мага жеткен маалыматтар боюнча, эртең кандайдыр бир топ акция уюштуруп, Бишкектин көчөлөрүндө жөө жүрүш жасап, элчиликтердин алдына барабыз деген ниеттерин билдиришиптир.
Ар бир ниеттин же кадамдардын чеги болот.
Элчиликтер жана анын аянтчалары башка мамлекеттердин менчиги болуп саналат. Кол тийгис. Дүйнө жүзүндө биздин дагы элчиликтерибиз бар. Алар дагы биздин кол тийгис аянтыбыз. Бирөө жарым келип, эшигин каккылап, баш аламандык кылганга акысы жок. Албетте, биз демократия багытынан кайтпайбыз. Жарандарыбыздын оозун тыйбайбыз. Укугун чектебейбиз. Митингдер сөзсүз болуш керек. Ал үчүн Горький паркын аныктап бердик. Кааласаңыздар 24 саат бою митинг кылыңыздар. Каалаган сөзүңүздөрдү, пикиринерди айтыңыздар. Эч ким каршы эмес.
Бир гана сураныч, Элчиликтерди тынч койңуздарчы!
Уважаемые кыргызстанцы!
По полученной мной информации, группа людей завтра выразила намерение организовать акцию, пройти пешим маршем по улицам Бишкека и дойти до посольств иностранных государств.
У каждого намерения или шага есть предел.
Посольства и их территории являются неприкосновенной собственностью зарубежных стран. У нас также есть посольства по всему миру. Они также являются нашей неприкосновенной территорией. Никто не имеет права ломиться к ним в двери и поднимать шум.
Конечно, мы не отступим от демократического пути. Мы не ограничиваем наших граждан, не ограничиваем их права. Мирные акции должны быть. Мы определили для этих целей столичный парк Горького. Если хотите, можете проводить там митинги 24 часа. Говорить то, что желаете. Никто не против. Есть лишь одна просьба: оставьте посольств в покое.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы