Кара-Кулжада туулуп-өскөн, мектепти алтын медаль, ОшМУнун юридикалык факультетин артыкчылык менен аяктаган, Жапония, АКШда билимин тереңдетип кайткан акын, жазуучу, 5 китептин («Нурлуу толкундар» ырлар жыйнагы, «Япон кереметинин сыры», «Бир гана сенсиң», «Ант», «Азиянын Арстаны») автору, азыр Жогорку Кеңеште депутат, «Ыйман нуру» фракциясынын лидери Нуржигит КАДЫРБЕКОВ менен маек курдук. Алгачкы эле сурообуз «Жашыл Кыргызстан» долбоорунун алкагында уланып жаткан «Бир адамдан бир көчөт» акциясы тууралуу болду.
Нуржигит КАДЫРБЕКОВ: «Элдин көбү «сынды туура кабыл алам» дей беришет, бирок, бул менимче калп»
— Нуржигит мырза, «Бир адамдан бир көчөт» акциясын Кара-Кулжадан баштап, эстафетаны кесиптештериңе узаттың эле. Бирок, бул эстафетаны депутаттар эмес, жаштар улантып кеткендей…
— «Бир адамдан бир көчөт — жашаруу,
Бир адамдан бир китеп — агаруу,
Бир адамдан бир насаат — тазаруу!» деген ураан менен жаштар бак тигип, өздөрү эле акцияны ишке ашырып жатканы, албетте, мени кубантты. Кыргызстанды жашылдандырууга аракет кылып жаткандарына алкыш! «Ыйман Нуру» фракциясы мөңгүлөрдү сактап калуу, өлкөдөгү экологиялык акыбалды жакшыртуу максатында Жогорку Кеңеште «Жашыл Кыргызстан» токтом долбоорун даярдап, парламенттин жалпы жыйынына алып чыктык эле, депутаттар колдоп беришти. Кыргызстанда 6 пайызга жетпеген токой бар экен. Монголия жылына 1 млрд дарак тиксе, Түркия 2023-жылга чейин 6 миллиондон ашык гектар аянтка 7 миллиард көчөт отургузууну мерчемдеп жатат. Чет мамлекеттин маалыматын угуп отуруп, а эмнеге Кыргызстанды жашылдандырганга болбосун деп намыстанат экенсиң. «Бир адамдан бир көчөт» акциясын Кара-Кулжадан баштап, эстафетаны кесиптештериме (Балбак Түлөбаевге, Таалайбек кызы Жылдызга, Акыл Түмөнбаевге, Мирлан Самыйкожого, Улан Бакасовго, Бакыт Чойбековго 11-апрелде эстафетаны узаткан — авт.) узаттым. Алар кубануу менен кабыл алды. Алар депутат болуп шайланган Нарын, Ысык-Көл тараптарда бак тигүү сезону али да өтө элек.
— «Ыйман нуру» партиясы менен парламентке депутат болуп келүүңө эмне себеп болду? Дегеле саясатка аралашууңа эмне түрткү болду?
— 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо бир топ партиялар чакырышты. Алардын арасынан «Ыйман нурун» тандадым. Партиянын жетекчисинин орду бошоп калганда, мага төрага болуу сунушу түштү. Бир күн ойлонуп, макулдугумду бердим. Ошондон баштап партия жүгүн тартууга туура келди. Албетте, оңой болгон жок. Жараткан буюруп, элибиздин ак батасы менен парламентке келдик. Эми ушунча жүктү көтөрүү күч-кубат берсин Кудайым.
— Шайлоого катышуу үчүн чоң каражат керектелет эмеспи. Бул жагы кандай болду, же каржылаган бирөө жарым бар беле?
— Ооба, каражат сөзсүз керектелет, баннер чыгарууга, элди кыдырууга, реклама кылганга… Андай учурда массалык-маалымат каражаттарынын баасы асмандап кетет экен. 2020-жылы Борбордук шайлоого комиссиясына күрөөгө 5 миллион төлөш керек болчу. Былтыркы шайлоодо ал сумма 1 миллионго түштү. Каражат аздыгына карабай, жаш, таза балдарга: «Келе бергиле, Кудай буйруса, биз жеңебиз!», — деп дем берип, партияга чакырдым. «Китепкөй Ала-Тоо» долбоорунун жетекчиси, азыр менин консультантым Табылдыга окшогон жаш жигиттер келип кошулду. Табылды жаңы эле үйлөнгөн, квартирада жашайт. Ошондой талапкерлер менен шайлоого таза катыштык. 2020-жылы эмне болуп кеткенин жакшы билесиз. 2021-жылы «Бизге кошулгула, шайлоого чогуу баралы!» деп партиябызга куда түшкөндөр көп чыкты. «Акчаңар жок парламентке өтпөйсүңөр» дегендер да болду. А чынында биздин кыргыз эли уюткулуу, намыстуу эл. Баары эле кантип добуш сатып калсын. Жаратканга чексиз шүгүр, парламентке өткөн саясий күчтөрдүн арасындабыз азыр.
— Анан, депутат болгон жактыбы? Саясатчы болгон кандай экен? Дегеним парламентке келгенде эле Камчыбек Ташиев менен кайым айтыштың?..
— Эми саясат деген белди бекем бууп чыга турган нерсе да. Алдын ала баарын билип, түшүнүп эле келдим. Анын үстүнө, мен көчөдөн эле калган жокмун да. Президенттин аппаратында, Тышкы иштер министрлигинде, «Кыргызстан ишкерлер» союзунда эмгектендим. 2008-2009-жылдары «Кыргыз Туусу» гезитинин Япониядагы кабарчысы болдум. Бир топ мамлекеттин университеттеринде сабак бердим. Адам укугу, конфликтология, лингвистика, чарбаны башкаруу жана лидерлик боюнча Польша, Казакстан, Молдова, Литва, Түркия жана Кытайда өткөн кыска мөөнөттүк курстардын угуучусу болдум. Президентке караштуу «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп иштедим.
— “Ыйман” фонду демекчи, диний саясат дагы өзүнчө чоң багыт эмеспи…
— Туура. Молдокелер диний илим менен кошо риториканы, тайм-менедментти, жаңы технологияны үйрөнсүн деп «Ыйман» фондунда окутуу долбоорун баштаганбыз да. Айтор, кандайдыр бир деңгээлде саясатка даяр болуп келдик. Бирок, күтүүсүз нерселер турат экен бул тармакта. Үйрөнүп жатабыз. Алдыга өскөнгө аракет кылып жатабыз. Өз позициябызда бекем келатабыз. Шайлоочуларга «ак позиция, так позиция» болобуз дегенбиз. Позиция — бийликтин жаман жагын айтпайт экен, а оппозиция болсо бийликтин жакшы жагын көрбөйт экен. А биз акты ак, көктү көк деген калыс турум менен алга жыла беребиз, буюрса.
— Депутат болуп келгениңерге 4 айдын жүзү болду. Кандай мыйзамдарды жаздыңар?
— «Жашыл Кыргызстан» токтому биздин фракциянын эң көрүнүктүү продуктысы. Ушул долбоор менен Кыргызстан жашыл өлкөгө айланып кетсе экен деп тилек кылып, аракеттенип жатабыз. Мына, жаштар колдоп, улантып кетти. «Жашыл Кыргызстан» долбоорунун алкагында, Кара-Кулжада «Бир адамдан бир көчөт» аттуу акция өткөрдүк. 1977-жылы туулгандар 200 миң сомго жакын акча топтоп, чогуу бир бак түптөдүк. Аны сугарып, көгөртүүнү жергиликтүү бийликке тапшырдык. Алар тамчылатып сугаруу системасын куруп жатышат ал жерде. Өкмөттүн 309-токтомундагы 75 пайыз ФПС жерин пайдаланууга боюнча маселени катуу көтөрүп, резонанс кылган биздин фракция болду. 13-апрелде Жайыт боюнча мыйзамдын долбооруна каршы болдум. Элет жериндеги маселени чечпей туруп, көйгөйгө көңүлүн өйүтбөй туруп, кунарсыз жайыттарды жеке пайдаланууга берип, аймактарды абат кылмакчыбыз деп жетип келген Айыл чарба министрлигинин атка минерлеринин айткандарына ынанбадым. Бул мыйзам да ушундай адилетсиздиктин, теңсиздиктин уланышына, жайылышына жол аччудай көрүндү мага. Анын эртеси, 14-апрелде парламентте «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндөгү» мыйзам долбоору талкууланды. Анда да пикирибизди билдирдик. Биз качанкыга чейин чет элдик компанияларды карап жүрө беребиз. Кыргызстан түстүү металдарга бай өлкө, өзүбүз иштетели деген сунушумду айттым. Айлык акы, салык жана башка көптөгөн каражаттар өз өлкөбүздө калсын. Жок болсо бир жөн, кээ бир жактарын тартып кете ала турган ата-мекендик ишканаларга бар. Ошол эле күнү окуучулардын, өзгөчө, бүтүрүүчүлөрдүн көңүл көйгөйү болгон ОРТ сынагы боюнча маселени көтөрдүк. Мындан тышкары, жыл башында, 7-январда, Жогорку Кеңеш депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында, биздин аскерлерди ал жакка жөнөтүү маселесин караганбыз, аны жакшы билесиздер. Ал маселени алгач ачык талкуулап, аягында жабык эшик артында чечим кабыл алдык да. Ошондо да биздин партия позициясында катуу турду.
— Ошондо 69 депутат колдоп, 7 гана депутат каршы болдуңар. Ушундан уламбы, «мурдагыдан да начар парламент келди» деп коомчулук социалдык тармактарда депутаттарды катуу сынга алышты. Сенин оюңча, бу жолу кандай парламент келди?
— Парламенттик шайлоонун системасы өзгөртүлдү. «Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамга президент кол коюп, ага ылайык, бир мандаттуу округдан депутаттар шайланып келишти. Партиялык тизмеден да шайлоочу талапкерин тандап добуш берди. Бул жолу шайлоочулар өзү каалаган депутатын шайлап алды. А мурда болсо партиянын тизмеси менен келип, алдыдагы бештик, ондуктагы акчалуулар (байлар) гана өтүп кетчү эмес беле. Мурда биз байларга жол ачып берүү мыйзамы менен келдик да, чынында. Бул жолу акчасы жок эле илимдүү-билимдүү депутаттар да келди. Сапаттык курам боюнча ар түрдүү пикирлер бар.
— «Оорукананы шыпаакана» кылалы деп парламентте көтөрүп чыкканда, бул сөзүң коомчулукта кызуу талкууланды. Андан кийин «Шыпаа министри» деп жазып катуу сынга кабылдың. Дегеле сынды кабыл алууң кандай?
— (Күлүп) «Шыпаа министри» деп башка бирөө жазыптыр, бул сөз мага жагып калып, жазып койсом, автору көмүскөдө калып, мен сөз болуп кеттим го дейм… «Министр здавоохранения» дегенди эле биз саламаттыкты сактоо министри деп түз эле которуп алдык. «Тамагыңыз таттуу болсун!» деген деле кыргыздын сөзү жок, бул сөз «Манас» эпосунда да жок. «Аш болсун!» дегени бар. Ошол сыңары, ден соолук министри, же саламаттык десек деле болот. «Шыпаакана» дегендин эмнеси жаман? Кыргыз “ооруга шыпаа, дартка дабаа” болсун дейт. Шыпаакананы хайп кылгандар да болду. “Билимкана” деген мектеп бар го. Билимсиз бала барып, билим алып жатат. Ошол сыңары, ооруган адам шыпаа тапсам, айыксам деп барган жерди ак тилек менен шыпаакана, дабаакана деп атоо туура болмок. Эмкана деген – поликлиника. Өзүмдүн каражат таап медициналык борбор салсам, “Шыпаакана” деп атайм деп тилек кылдым. Мен парламентте айтып чыккан күнү мага бир таанышым чалды, «Мен ооруканада дарыланып жаттым эле, ушул сөзүң аябай жакты» деп. Мекемени да туура атоо керек. Азыр, үй-бүлө көйгөйүн чече турган жайды “кризистик борбор” деп уюштурушат. Бул туура эмес. Кризис деген – бул туңгуюкка кептелүү. Андан көрө “бакыт борбору”, же “чечим борбору” десек болот. Эми бул менин жеке пикирим. «Сөзү болот, анан өзү болот» дейт кыргыз. .
Элдин көбү «сынды туура кабыл алам» дей беришет, бирок, бул менимче калп. Себеби, ар бир адамга сын оор эле тийет. Билгизбегени менен баары эле сынды оор кабыл алышат. Сын айтуунун да адеби бар. Социалдык тармакта жалпыга жарыялабай жеке адамдын өзүнө айтылган сын оңдуу, таасирлүү болот. Жумшак, маданияттуу сөз менен айтса дагы да өтүмдүү. Мага карата да социалдык тармактарда катуу, орой жазгандар бар. Аларды окуп, энергиямды коротуп не кылам? Алар менен айтышканга, актанганга түк убактым жок.
— Ыйман жолуна сени ким алып келди? Канча жашыңдан бери намазга жыгыласың?
— Куран окуп, намазга жыгылуума ыраматылык чоң атам түрткү болгон. Мен өлсөм артымдан ким Куран окуп, бата кылат деп кыжалат болуп калчу. Чоң атамдын көңүлүн көтөргөнү бул багытка кызыга баштагам. Горбачевдун заманында дин эркиндиги берилген. Эгемендүүлүк алгандан кийин, биздин айылга бир молдо келген. Ал адамдан куран үйрөнүп алып, чоң атама окуп берсем, аябай ыраазы болгон. Артымдан алакан жаярым бар деп акыретке көңүлү ток кетти окшойт, ошого Кудайга шүгүр!
— Келечекте ким болом дечү элең? Агезде «космонавт, мугалим, акын, жазуучу болом» дечү элек да… Сенчи?
— Начальник, Биринчи катчы, директор болом деп жооп берчүмүн.
— 12-апрель – космонавт күнүнө маани берчү белең?
— Бул маанилүү, тарыхый күн, илим, билим үчүн чоң ачылыш, алдыга озуп чыккан күн болгон. Анткени асманга адам учуп жатат да. Ага чейин ит, маймылды учурушкан да… Гагарин балдардын кыялына түрткү, шык берген, алар алдына чоң максат койгон. Азыр кыялдар, максаттар да тарып кетпедиби. Бир кымбат машина минсем, бир кымбат, кабаттуу үйдө жашасам деп кыялданат.
— Балалыгың бактылуу өттүбү?
— Ооба, Кудайга шүгүр. Балалыгым айылда өткөнүнө кубанам. Ошон үчүн, сергек, эмгекчил болдук. Эрте турчубуз, малга чөп чалчубуз. Жайында чөп чабат элек, кышында кар күрөп, отун жарып, мал карайт элек. Жайлоодо чөбөгө, каймак, курут, сүт, айран, кымыз жайнаган дасторкон болчу. Свет жок болгондуктан эрте жатчубуз. Чоң атам жомок айтып берет эле. Чурулдап таза абада, тоодо ойночубуз. Шаардан студент ага-эжең келет дегенди укканда күн өтпөй, аларды чыдамсыздык менен күткөнүбүздү айт. Студент келип калса, туугандар аны кезек-кезек менен тамакка чакырчу. Ал учурда сагынуу деген бар болчу. А азыр Америкадан келсе да тосуп албайт, күтпөйт дагы. Жаңы замандын технологиясы сагынууну жок кылды. Сотка эле чукуп калышты. Баарлашуу аз. Биз айыл жумушун кылып, сабак окуп, коомдук иштерге да жетишчүбүз. Мектепти алтын медаль менен бүттүм. Спортко да катышат элем, баскетбол курама командасында элем. Пионер болдум, «Артекке» бардым. Маданий иш-чараларга активдүү катышчумун. Токтогул Сатылгановдун 125 жылдыгы болуп, Токтогулдун ролун аткаргам, Ырларын жаттагам, азыркыга чейин эс тутумумда турат.
«Аргымакты жаман деп,
Бууданды кайдан табасың?
Агайынды жаман деп,
Тууганды кайдан табасың?» деген ыры эмне деген ыр.
— Ошондон улам ыр жазып калдың беле?
— «Цыган» деген кинодо Будулайдын тагдырын көрчү эмес белек. Ошол кинодогу музыкасы жагат эле. Ошол музыканын ырганында эки сап келди башыма:
Ак сүтүн берип жашымдан,
Алпештеп өстүргөн апам, — деген. Ошондон кийин жазып кеттим.
— Азырчы, ыр жазып жатасыңбы же калып калдыбы?
— Ыр жазбай калганыма бир топ убакыт болду. Бир топ новеллаларды баштап койдум эле. Убакыт-сааты келгенде бүтүрөрмүн.
— Акын, жазуучулардан кимди кумир тутчу элең?
— Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун китептерин окуп, таасирленет элем. Михаил Шолоховдун «Судьба человека» («Адам тагдыры») повестинин кыргызчасын окуп, денем дүргүгөн. Майн Риддин «Всадник без головы», “Белый вождь” деген романдары жүрөгүмдү толкуткан. «Башы жок чабандес» Риддин романын «мектеп жашындагы тестиер балдар үчүн» деп «Кыргызфильм» студиясында көптөгөн кинону кыргызчалаткан, акын-жазуучулардын чыгармаларын которгон мыкты котормочу Сүйүнтбек Бектурсунов которгон. Александр Пушкин, Сергей Есениндин кыргызча которулган ырларын окуйт элем.
— Азыр китеп окуйсуңбу? Учурда кайсы китепти окуп жатасың?
— Азыр Рэй Далионун «Принципы» деген китепти окуп жатам. Принциптер жашоодо, иште өтө маанилүү.
— Өзүңдүн которгон котормолоруң барбы?
— Котормочулук бул оюнчук эмес, өтө оор, татаал иш. Мисалы, сиздин жолдошунуз, маркум Эрнис байкенин котормочулугуна бали дейт элем. Конфуцийдин осуяттарын (Кун Фу Зы) мыкты которгон. Мына, сиз 8 которгон китеби бар деп жатасыз.
Анын бири – Михаил Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романы. Ал дагы буйруса, китеп болуп чыгып, окуп калаарбыз…
«Жолборс терисин жамынган баатыр» деген Шота Руставенин поэмасын биздин улуу акын Алыкул Осмонов которгон. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын кыргызчалаган Ашым Жакыпбеков. Котормочу деген ушул адамдардай болуш керек. Мен Айтматов менен Түркияга барганда жолугуп, батасын алгам. Ошондо «Сен акынсыңбы же жазуучусуңбу?» деп сураганда аябай ыңгайсыз абалда калгам. Арданып жана уялып калсам керек. Удаама-удаа китеп чыгардым. «Нурлуу толкундар» ырлар жыйнагым бар. «Япон кереметинин сыры», «Бир гана сенсиң», «Ант», “Азиянын арстаны” деген китептерибиз жарык көрдү.
— Балалык кезде кайсы журналисттерди жактырчу элең?
— Орустардын тележурналисти Владислав Листьевди баалачумун. Биздикилерден Мамат Сабыров, Султан Раев. Мелис Эшимкановдун макалаларын окучумун. Мелис байкени журналисттердин жаңы мектебин чоң түптөөчүсү болду деп билем.
Алардын бири — тууган иниси, журналист, котормочу, акын Эрнис Асек улуу. Эрнис байкенин котормолорун, философиялык сүртүмдөрүн «Асаба», «Агым» гезиттеринен окуп калчумун.
Кийинки муундун журналисттеринен жарк этип Улан Эгизбаев чыгып келаткан эле… Журналисттик иликтөө кылып жаткан журналисттер: Ыдырыс Исаков, Али Токтакунов да таланттуу жигиттер. Эркин Рыскулбековдун тележурналистикада мыкты орду бар.
— Соңку суроо. Биздин учурда 10 жылдык эле эмес беле мектеп, кийин 11 жыл болду, эми 12 жылдык болгону турат. Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев «Кыргызстанда балдар эми 6 жаштан баштап милдеттүү түрдү 1-класска барат. 0-класс деген жоюлат»,-деди. Бул коомчулукка жаккан жок. Сагачы?
— Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиевди мен адис деп билем. Ал 12 жылдык мектеп – жалпы дүйнөлүк тренд. Дүйнөнүн көп өлкөлөрү өз балдарын жана жаштарды ушинтип окутуп жатат деп дүйнөлүк стандарт тууралуу айтып жатат го. Бизге ыңгайлуубу, жокпу, изилдеп, талдап көрүш керек. Мен Канзас университетинин журналистика жана масскоммуникация факультетинде окуп Америкада жүрүп калбадымбы. Ошондо мектеп системасын көрүп калдым. Алар башталгыч класстарга жакшы карашат, ойнотушат, «оку, 45 мүнөт түз, тынч отур!» деп буйрук кылып, кыйнашпайт. А бизде кандай? «45 мүнөт тынч отур, колунду партага кой, болбосо 2 деген баа коюп салам!» деп коркутат. Мындай мамиле кылбаш керек балага. Мен кызымды 6 жашында даярдоо курсуна бергем. Кечинде келсем, алтын кызым ойнобой, сабак даярдап жатканын, чарчаңкы абалын көрчүмүн. Дароо келинчегиме айттым, чыгар деп. Азыр ал кызым 2-класста окуп жатат. Айтайын дегеним, бала деген балалык доорду баладай өткөрүшү керек, ойнош керек! Баланын балалык доорун уурдабашыбыз керек…
Маектешкен Назира СААЛИЕВА