Эсен болуп, эстей жүр!
Бүгүн, 20-апрелде Кыргыз Эл артисти, төкмө акын, ырчы, обончу Элмирбек Иманалиев (Калил уулу) мезгилсиз дүйнөдөн кайткан күн. Бүгүн ак таңдай төкмө акыныбыздын «Ала Арча» көрүстөнүндөгү бейитине эстелик коюлат. Иш-чара саат 15:00до башталат.
2020-жылы капысынан катарынан кеткен Эрнис АСЕК уулу (29-январда), Элмирбек ИМАНАЛИЕВ (20-апрелде), Зайырбек АЖЫМАТОВ (29-апрелде) көз жумган үч инсан тууралуу белгилүү акын, мугалим Рахат АМАНОВА мыкты эскерүү жазыптыр. Анда эмесе, чогуу тыңдайлы, окурман!
Үчөө..
Сөз дүйнө.. Саякбай атанын үнү угулат… Улуу манасчылардын үнү угулат.. төкмөлөрдүн үнү угулат… Аалам чексиз. Бир галактиканын ичинде планеталар жана сансыз жылдыздар жашайт, а чексиз ааламда сансыз галактикалар жашайт.
Биздин галактиканын ичинде Күндү айланган тогуз планетанын арасында Жер эне ааламдагы бир чекиттей болгону… Тогуз планета.. Тогуз саны… 0дөн башталган улуу сан эсеби кайра 10 менен бүтөт да уланат.. Аныгында чексиз эсепти жараткан сандардын улугу: үч, жети, тогуз, кырк.. Тогуз менен аяктаган санды 10 улайт, 1 бар, 0 жок.. Тогуз ак.. Тогуз коргоол.. Тогуздап бергени.. Кыргыз ааламы эсептүү дүйнө менен сырдуу чырмалган… Кыргыздын эсти эки кылган сөздөрү: «Кудай эсебин билет», «Кудай эсебин табат», «Кудайдын эсеби бар», «Кудайдын эсебинен жаралган дүйнө», «Кудайдын эсебине эмне дей алам?»,»Кудай ошончо жаш берип, эсептеп койгон да..» дейт. Аалымдар дүйнө, аалам эсептен турат дегени бар. А кыргыз эсептүү дүйнөнүн сырын кайдан билет мынчалык?.. Акылым айраң.. эсим таң.. Табышмак.. Кыргыздын эс- тутумунда эсептүү дүйнөнүн сыры кайсы бир илимдүү улуу жашоосунан калган чыгаар?.. Антпесе заманбап эсеп илими гана аныктаган бул дүйнөнүн эсептелүү экенин кыргыз алмустактан бери кайдан билген? Сыр..Улуу сыр…
Эненин курсагында бала жашаган тогуз ай, эне-бала киндиги менен туташкан улуу жашоо, улуу сыр, улуу табышмак..
…Сөз дүйнө да чексиз… Ар бир адам сөз дүйнө… Өз дүйнөсүнө сыйган сөзү, сыры, ыры менен жаралат адам… Ар бир адам сөз дүйнө!..
А бирок дүйнөсүнө бир галактика — ааламдын сөзү сыйган адамдар чанда төрөлөт… Адамдар өз дүйнөсүндө буулугуп, айтар сөзүн айталбай, айтарга сөзү жетпей бук болгондо Улуу Сөздүн элчилери, Сөз Ээлери-акындар, жазуучулар айтып чыгат… Эл бугун чыгарган сөз ээлерин ошон үчүн чексиз сүйөт, сыйлайт, урматтайт..
Сөз ээлеринин ааламы да түрдүү… Сөзү менен адамдарды арбап… Сөзү менен элди эпке келтирип… Сөзү менен элди эсине келтирип, эсебин таап элдештирип… оңдоп- түзөп… Сөзү менен элин бириктирип… Анан оңу келгенде арбап… Оп тартып алып, дүйнөсүнө саякат жасатып, анысынан өзү ырахат алып, түмөн элге түрдүү ырахат тартуулап койчу сөз ээлери чанда..
Сөз ээлеринен экөө тогуз күндө ээрчишип кетип..
Токсон күн башта кеткен ойчул Сөз Ээсинин артынан ээрчип кете беришти..
Мен азыр кайгырамбы? Жок. Алгач үчөөнү укканда алдемедей кайгырдым… жер, сууга батпай ыйлап, чаңырдым…Азыр көңүлүм ток… анткени Кудайдын биз билбеген эсеби бар… Эсеби бар..
Токсон күн…Тогуз күн…Тогузду тең бөлсөң үч… Ой баккан, сөз баккан сөз ээлери..Үчөө тең..Үчөө..
бири жазуучу, бири төкмө акын, бири жазма акын.. Ойчулдар… Сөз ээлери… Улуу Сөздүн элчилери.. Үчөө… дүйнөсү тунук, таптаза жана сырдуу үчөө…
Ойго батып,Эрнис отурат ойго термелип… жазып..
Комуздун үнү угулат алыстан… Элмирбек таңшыйт..
Ырларын шаңдуу окуган Зайырбектин үнү угулат..
Үчөөңү кыргыз өз дүйнөсүнө түбөлүккө сиңирип алды…Үчөөңөр бул дүйнөдө жашай бересиңер…
Үчөөңөр ой кошкон, сөз кошкон, салым кошкон… Кыргыздын сөзү түбөлүккө уланат буюрса… Улуу Сөздүн учугу кыргыздын тилинде,дилинде түбөлүккө уланат буюрса..
Саякбай атанын үнү угулат.. Күпүлдөгөн.. Кайдандыр улуу манасчылардын үнү угулат…
Кайдандыр улуу акын-жазуучулардын үнү угулат…
Кайдандыр улуу аалымдардын үнү угулат…
Кыргызча сүйлөп, таңшып, ойлонгон үндөр угулат..
Алыстан угулат… алыстан… көзгө көрүнбөгөн дүйнө.. Үчөөнү… Кыргыздын Улуу Сөзү, Улуу Дүйнөсү бул дүйнөдөн узатып, түбөлүктүү дүйнөгө кайтарып алды… Кудайдын эсеби ошондой болгон..
***
Үчөө…
Кызык.. дүйнө кызык.. адам кызык.. адам болуп жашоо кызык.. адамдар менен жашаган кызык..
Адамдардын арасында жашап, адам бойдон калуу кыйын, муну Айтматов ушунчалык таамай айткан,
«Адамга күн сайын адам болуу кыйын» деп..
..Үчөөңөр адам болуп төрөлүп, адам болуп жашап, адам боюнча калдыңар. Силерди мүлдө кыргыз тааныган менен, таанышы эмес элеңер.
Мен деле ошо эл катары көптүн биримин, жакындан эч кимиңди тааныбайт элем. Анда эмне ары жакка ээрчишип кетсеңер баркыңарды билген кыргыз атмай өксүп ыйладык? Анткени адам элеңер. Өргө чапкан өнөрүңөр адамдык асылдыгыңар менен айкалышкан асыл элеңер. Эл тараза, элдин көзү элек, эл баарын билет, кыбыр эткенди сезет… Элдин касиетинен айланайын… Элдин уулу же элдин кызы боло турганды көрсө эле төбөсүнө көтөрүп алат… Касиетиңен кагылайын кыргызым, эл көзүнө көрүнүп, алгылуу уулу же кызы чыкса эле төбөсүнө көтөрүп алат сыйлап… Элдин уулу же элдин кызы деп кастарлап, көздөн, сөздөн сактап, колунан келсе суук желден да калайлап, калкалап алгысы бар… Аттиң… Сөз дүйнөсү мухит кыргыздын уучу кур эмес,силердей сөз ээсине айланган уул, кыздары бар..Бирок.. аттиң… Элди багып алаар бир уул же кыз табылбай эл карайлап калды… Элдин багып алаар уул-кызы болгондо силерди да багып, барктап алат эле…
Үчөөңөрдү эл сыйлап, кадырлап, барктап, баалай гана алды… колубуздан келгени ушул болду… Багып, бапестеп алганда… дагы толгон-токой омоктуу ойлорду жазып, төгүп, таңшып турат элеңер. Аттиң..
…Тогуз ай көтөрүп, толгоо тартып, отуз омурткасы, кырк кабыргасы сөгүлүп атып эне кандай бала төрөйт экен?.. Кокус Кудайдан болуп эл уулу же кызы төрөлүп калсачы?..Сөз ээси төрөлүп калсачы?.. Курсагында түйүлдүк жаралып, төрөлүп, ымыркай торолуп,аман-эсен бой тартып,акылы толуп, эсине кирип,өнөрүн таптап,көзүн ачып, өзүн тапкыча,сөзүн тапкыча оголе тобокел учурлар өтөт..
Анан бир күнү төгөрөгү төп келген сөз ээси көрүнсө кагылайын элим берээрге ашын таппай, айтаарга жакшы сөзүн таппай, бирине-бири айтып сүйүнүп, сүйүнчүлөп калдаңдап калат.. Канатына калкалап алат..
Эл сүйүнгөндө төгөрөгү төп келген уулун, кызын көрүп сүйүнөт… Элдин сынынан кылдай жери тайыса,жакпаса өтпөйт.Кылдай! Кыргыз ушундай бүркүт көз эл. Кыраан эл.. Бүркүт көз эл..
Бүркүт көз кыраан элим, касиетиңе тан берем…
Касиетиңен кагылайын кыраан элим…
…Үчөөңөр ушундай кыраан эл кыргыздын сынынан өткөн эл уулу элеңер…Ошон үчүн атпай кыргыз үчөөң ээрчишип кеткенде кайгырды..
Анткени жүрөгү таза, дүйнөсү таза, өнөрлүү эл уулдары күндө эле жарала бербейт… Өргө чыккан өнөрлүүлөр көп болоор… асти силердей көзү, сөзү, өзү тунук, таза, бийиктер чанда жаралат…
Рахат АМАНОВА
One thought on “Рахат АМАНОВА: «Ой баккан, сөз баккан сөз ээлери… Үчөө…»”