Тапанчадан ок чыгарган кыздын өздүгү такталганы тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 22-майда билдирди. Алардын маалыматына караганда, социалдык тармактарга тараган видео боюнча факт катталып, ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлгөн, натыйжада жарандар аныкталып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда 20-25 жаштар чамасындагы азиат улутундагы белгисиз кыз, белгисиз үлгүдөгү тапанчадан ок аткан видео тараган. Ал боюнча коомчулукта нааразылык жаралып, ага тезинен тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен ИИМ жетекчилигине видеокайрылуу жолдошкон.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы