МАЕК — Мелис ЭШИМКАНОВ: «Жашоомдун максаты – асмандан түшкөн ыйык китепте»

МАЕК — Мелис ЭШИМКАНОВ: «Жашоомдун максаты – асмандан түшкөн ыйык китепте»

9-декабрда…

Мелис агабыздан ажырап калганыбызга 11 жыл болду… 2011-жылдын 15-сентябрында каза болгон. Көзү тирүү болгондо 9-декабрда 60 жашка чыкмак …

Жубайы Асел Эшимканова жолдошунун 60 жылдыгына карата, туулган күнүндө, 9-декабрда эскерүү өткөргөнү турат. Дал ушул күнү Мелис Эшимканов атындагы фонд (журналисттер жана студенттер арасында) жарыялаган сынактын жыйынтыгы угулуп, жеңүүчүлөргө сыйлыктары тапшырылат. Мындан тышкары, «Мелис менен Эрнис» аттуу китептин бет ачаары болот.

Каерден чогуларыбыз төмөндөгү тасмада:

АРХИВден…

Эки ДОСтун маеги…

Мелис дос! «Асаба» гезитинин редакторлугу менен Эл (Бей-бечаралар) партиясынын төрагалыгынан табышмактуу отставкага кеткениңен бери бир айдан ашыптыр. «Түшүнүк катыңды» чечмелеп бер деп бакандай беш гезиттин кабарчылары, кыргыз телерадиокомпаниясынын өкүлдөрү кайрылса да айтканыңан кайтпаган өжөрлүгүңдү карматып баш чайкаганыңды билем. Америкалык баягы атактуу шахматист Фишер сыяктуу элдин көзүнө көрүнбөйүн дегениңби?

— Кайрылган ал кесиптештерим таарынбас. Чарчаган киши, балким бул ички дүйнөдөгү психологиялык карама-каршылыктардын жүгүбү, күнүмдүк ызы-чуудан, коомдогу бапыраган, кыйынсынган, аңкилдек аткан, «адилеттик» издеген трагикомедиялардан качып калат экен. Ошон үчүн «чээниме» кирип алып, жок дегенде 1-2 жыл бар-жок экенимди билгизбей тынч жашайын деп кыялдангам. Анын ортосунда сааттай болуп «Асабанын» 70 жылдыгы да өтүп калбадыбы…

— Сыртыңан сыр алдырбаганың менен ал тоюңарда эмнегедир абдан муңайым, жалгыз көрүндүң?

— Ит билсинби. Жакшы эле жаагымды жанып, жасалма болсо да күлгөнгө аракеттенгем. «Смех сквозь слезы» деп койчу беле?

— Менимче, маегибиз жаман башталган жок, Мекечал. Жакын дос болгон соң, ушундай эле эркин, ачык айрым сүйлөшөлү.

— Эмне кылмышкерди диктофон мырзаң уже «суракка» ала баштадыбы?

— Ооба да. Та-ак, досум, чочуба. Биринчи суроо: баарынан качсаң, эмне үчүн анда «Кыргыз рухуна» маек курууга макул болдуң?

— Жинди го. Эй, Султан Палван! Үч жума бою: «Интервью бербесең, досчулуктан кечем»,- деп коркуткан ким?

— Тамаша, тамаша!..
Айтмакчы, баягүнү “Чучуктан да, ч….. да тажадым!” деп, жазып чыктың эле… Ага жооп катары биз “Меке, эми хот-догду байкап көрбөйсүнбү?.. дедик эле… Хот-догду…
Жинди!
— …эмне жинди! Тамактын аты…Мейли, буйруган күнү аны да көрөрсүң суроо-суракка өтөлү…

— Бейишов деген памилияң бар, тозоктун суроосун бересиң да!.. Биринчиден, «Кыргыз руху» гезитин сенден кем сүйбөйм. Экинчиден, кыяматтын шатысындай узун Султан досумду жоготкум келбейт. Өзү интервьюдан башка сага бере турган эч балээм деле жок. Мазгиге чай кайнатпай сурачуңду сура, айнып кетелекте.

— Бүттүк, кеттик. Меке, испан акыны Гарсиа Лорка «Чарчадым чалкеш ойлордон, чарчадым чаташ дүйнөдөн» деп жазган турбайбы. А сен эмнеден чарчап отурасың? Бул чарчооңду чоң ойлорго болгон «Кичинекей бунтардын» ыймандык протести катары түшүнсөк болобу?

— Лоркаңды окубаптырмын, бирок таамай айтыптыр. Айланаңды карачы, Сүкө? Көчөнү, айылды, Ак үйдү… Эмоциясы жок эле, супергениалдуу ой-толгоосу жок эле, акыл токтотуп баамдасаң. Эмне көрүнөт?.. Бозоргон мунарык. Адамдардын алсыздыгын, эки жүздүүлүгүн, ыймансыздыгын, жек көрүүсүн, туруксуздугун сиңирген мунарык. Сен деле көчүгүң жер жыттабай дүйнө кыдырып жүрөсүң, жалпы адамзаттын кебетеси деле ушундай. Биягы Аравия, Иран, Түркиядан, тиягы АКШ, Европа, Филиппинден көрүп келдим, бардыгынын дарты окшош. Капкараңгы Хаос. Мамлекеттик түзүлүшү, жашоо деңгээли, салт-санаасы боюнча айырмаланганы менен, илимий-техникалык прогресстин жонуна мингендерине миң мактанышканы менен, бечара Фолкнер кан какшагандай, өмүрдүн аруулугу, түбөлүктүүлүгү, сулуулугу көпөлөк сымал белгисиз жакка учуп кеткен. Жалаң иллюзия менен дем алганыбыз аз келгенсип, кудайыбызды унутуп, өлүмдүн алдында тизе бүгүп калганбыз. Чынбы? Же мен туура эмес айтамбы? Алаксыганыбыз – күнүмдүк көр оокат. Эгоизмге тебеленген тирилик. Атүгүл, жаш-кары дебей, аял-эркек дебей курсак менен төшөктүн кулуна айланганыбызды моюнга албаган кежирлигибизди айт! А бу эки айбандык инстинкттеги эргулдарга не байланабыз? Болгону аларды тойгузуш үчүн, жанкумарын кандырыш үчүн бийлик менен байлыктын айыгышкан күрөшүнө түшөбүз. Ал үй-бүлөдөгү эрди-катындын күрөшүбү, аэропорттогу кезек талашкан жүргүнчүлөрдүн күрөшүбү, түрмөдөгү 1 грамм наркотик үчүн бычак такашкан пахандардын күрөшүбү, саясаттагы Акаев менен Аманбаевдин, Нанаев менен Рустенбековдун күрөшүбү, Тажикстандагы, Кавказдагы, Босниядагы, Ооганстандагы, Заирдеги кан жыттанган согуштун күрөшүбү – айырмасы жок. Бардыгы маңызы жок күрөш. Анда жеңүүчүлөр болбойт. Бессмысленная борьба. Борьба, которая порождает только побежденных. Эң аянычтуусу, мунун баарын болочок урпактардын келечеги, элдин жыргалчылыгы, рухий байлык, жалпы адамзаттык асыл нарктар үчүн деп, бир туруп Манастын 7 осуятына урунуп, бир туруп не бир философиялык океанга урунуп, социализм доорундагыдай «ар жүз тубар койдон 190дон козу алабыз!» деп шаңдуу отчет бергенсип «XXI кылымга ар бир башка бирден компьютер» деген сымал абсурд ураандарга жамынган жүрөк айлангыдай таттуу, кооз, шаан-шөкөттүү көшөгөлөр менен чүмбөттөп келатабыз.
Көз карашымды таңуулагандан, бирөөлөрдү коркуткандан алысмын. Анткени мен өзүм ушул доордун, коомдун продуктусумун. Кыйынсынганга, акыл үйрөткөнгө акым жок. Топтолгон күнөөлөрүм башкалардан ашса ашат, кемибейт. Бир гана 34 жыл убакыт көзүм таңылуу өткөнү арман… Кечирип кой, досум, болгону «эмнеден чарчадың?» деген сурооңо жооп берүүгө аракеттендим. Оюмду жыргатып жеткизе албадым окшойт. Түз жолунан адашкан 5 миллиард пенденин бири эмесминби.

— Өтө эле пессимисттик маанайдагы кара боектуу картина тартып койдуң, Мелис. Анда жашоонун максаты эмнеде? Жарык барбы?

— Болгондо да кандай жарык! Кубат акенин этегине жармашып алып, эмнеге кое бербей жүрөт дейсиң? Издегенимди, эңсегенимди таап бербедиби. Ушу кишини кудай мага атайын жибериптир. Мындай ишти ачык айтпашым керек эле. Өтө жашыруун, дүңгүрөтүп жарыя салууну, ачык пропаганданы жериген маселе болгондуктан, чет-бучкагын гана чыгарайын. Капа болбо. Кааласаң өзүң толук окуп чык. Жүрөгүң кабылдаса кийин сүйлөшөбүз, кабылдабаса кайтарып бер. Жашоонун максаты – Асмандан түшкөн ыйык китепте. Өмүрдүн, Акыйкаттын, Сүйүүнүн, Өлбөстүктүн, Эркиндиктин ачкычы ушул китепте. Аны окусам, түшүнсөм, тазалансам, баш-отум менен Акыйкатка кызмат өтөсөм деген тилектен улам турмушум 180 градуска бурулуп отурат. Ради этой Истины стоит жить. Еще как жить!

— Айтмакчы, жан дүйнөнүн коомго карата «протести катары» сен жазган Түшүнүк катты кезегинде Федор Достоевский да жазган, ошол каты «Идиот» романын жазууга түрткү берген. Сенде мындай аталышта чыгарма жазуу ниети жокпу?

— Башыма жүн чыкканы кагазга бирдеңке чиймелесем эле бирөөлөр жазып койгон болот. Кысталак плагиаттар десе! 1980-жылы Университеттин 1-курсунан «№501-аудиторияда» деген аңгеме жаздым. «Жаш толкундар» деген адабий ийрим: «Кубатбек Жусубалиевге окшош жазат экен»,- деп катуу сындап чыкты. Мындай жазуучуну угуп көрбөгөн жаным (жалкоолугуман кыйратып китеп деле окучу эмесмин, окусам да олуп-чолуп), оозум Ошту карап калыптыр. Анан издедим. Адегенде китебин таптым. «Күн автопортретин тартып бүтө элек» деген повести экен. Окуп алып оңкомон кеттим. Анан Жусубалиевдин өзүн таптым. 16 жыл өтүптүр арадан, узун-кыскалуу болуп ээрчишип келатабыз. Былтыр мурдагы вице премьер-министр (азыр жалдырап суранып атып Индияда элчи болуп жүрөт) Осмонакун Ибраимов деген неме Кубат аке жөнүндө: «А этот писатель с приветом? Который шизофреник»,- деп атпайбы. Муну эстегеним, сенин «Идиот» романын айтканыңан улам келип атат. Аны кыргыздар «Көк мээ» деп укмуш которушуптур. «Преступление менен наказаниесинен» башка Достоевскийдин эч нерсесин окубапмын. Эпилепсия деген жинталама оорусу бар деп гана угуптурмун. «Асабага» мурдагы жылы «Жинди» деген макала жазгам: Илгери-илгери кайсы бир заманда, кайсы бир мамлекетте бир адам уктап жатса түшү аян бериптир. «Түнү менен нөшөрлөгөн жамгыр төгөт. Анын суусу уу. Чака-чайнегиңди, кудугуңду байка. Ичкендер жинди болуп калышат»,- деген үн угулат кулагына. Чын эле эртеси турса жамгырдын суусу бүт шаарды каптап калыптыр. Ичкендер жиндиге айланып жатышат. Тиги киши оозуна албайт. Бирок калган адамдар көздөрү кызыгып атып иче беришип, арасынан соо адам калбайт. Жиндилердин өлкөсүнө айланат. Жалгыз баягы түшү аян берген адам гана соо. Көп өтпөй аны башкалар шектүү карай башташат. Эч кимге окшобосо. Башкача сүйлөсө. «Э-эй, мореки соо эмес, жин урган неме»,- деп күбүрөнө башташат. Акыры падышанын: «Камакка алып, зынданга салып, оорусу башкаларга жуга электе коомдон изолировать эткиле!»- деген буйругу чыгып, желдеттер алигинин үйүнө келишет. Караса тигилер колуна чындап эле кишен салганы атышат, ошондо баягы жалгыз соо киши. «Кое тургула, мен азыр»,- деп кудугуна чуркап барып, нөшөрдүн суусунан жута коет. Желдеттер: «Ой, көзү эми элдикине окшошо түштү. Вот это другое дело! Камасак уят болобуз»,- деп падышасына сүйүнчүлөгөнү кетишиптир.
Бул уламыштын төркүнүн ким кандай түшүнсө өз эрки. Осмонакундар үрө берет, кербен жүрө берет. Ал эми өзүмдүн чыгарма жазууга ниетим бар дечи. Бирок Кубатбек Жусубалиевдин «Муздак дубалдары» менен «Авангард ырларынан» кийин бир нерсе жазуунун кажети барбы, билбейм.

Меке, сөз нугун башкага бурайын. Сени жакындан билгендер «Баловень судьбы», «Тагдырдын эркеси» деп коюшат. Жаңы төрөлгөндө эле катуу ооруп, 4,5 ай ажал менен арбашканың, бармактайыңан Ак-Сайдын тоолорунда кой кайтарганың, сегиз жашыңа чейин конфет, оюнчук, телевизор деген эмне экенин билбей аска-зоонун арасында жалгыз чоңойгонуң, «а» деген тамга тааныбай мектепке киргениң, болгондо да Фрунзе шаарына түшүп калганың, анан заматта лидерге айланганың бир чети таң калтырат. Жакын туугандарыңан, классташтарыңан, мугалимиңен угуп алып ишенбей кетем. Тоодон түшкөн мадырабаш окуунун отличниги, коомдук активист, футболдук команданын капитаны, телевидениенин балдар редакциясынын беш жыл бою көзгө басар директору, пионерлер үйүнүн бийчиси, «Кыргызстан пионери», «Жаш Ленинчи», «Комсомолец Киргизии» гезит-журналдарынын эң активдүү кабарчысы, шаардагы көчө шайкасынын хулиган идеологу, дубал гезиттин башкы редактору катары №50 мектептен эле «куруптурсуң». Мындай жаның тынбас энергияңды мен завод менен университеттен уланганын көрүп калдым. Башкасын айтпайын, 19 жашыңда далайлар жетпеген филфактын чүрөгүнө үйлөнүп алганың, бешинчи курста 5 айга түрмөгө камалганың эле эмнени кабарлап турат? Ал ал болду, 1986-жылы «Ленинчил жаш» гезитине кабарчылыкка орношо элек жатып: «Мен беш жылдан кийин ушул гезитке башкы редактор болом!» — деп «балп» эттирип салып, кесиптештериңдин шылдыңына калып, айрымдарына жаман көрүнгөнүң эсиңдеби? Азыркыга чейин журналист Аракеев Баратбай байкебиз: «Баланын тилинде мөөрү барбы деп калдым, тобо»,- деп таң калганын жашырбайт. 1991-жылы апрелде башкы редакторлукка шайланып, жөн шайланбай домкраты күчтүү Б.Жумабаев, А.Пазылов. А.Матисаковду утуп, 2 ай Бишкек дүңгүрөп, «Түндүктөн түшкөн редактор» атка кондуң. Ага ыраазы болбой, биринчи президент А.Акаевге басма сөздө биринчи болуп катуу сын жаздың. Беш жылдан бери жөн жүрбөй «Асабаңды» көкөлөттүң, «СССР», «Пайшамба» деген тиркемелерди чыгардың, «А.Акаев» аттуу китептин тушоосун кестиң. Эл (Бей- бечаралар) партиясын түздүң, саясаттын казанында кайнадың, жакында гезитиңердин 70 жылдыгын өткөрдүң… Анан ушундай киши отставкага кетсе чак түштөгү чагылгандай эле кабылданат экен. Авантюристтигиңе чек болобу акыры?

— Билбейм… Бирок өмүр-баянымды төкпөй-чачпай айтып бергениңе чоң рахмат! Элге ушуларды кантип угузуп мактанам деп жүрдүм эле, ырас болду.

Солдон оңго карай, биринчи катарда: Мелис Эшимканов, Талант Конокбаев. Экинчи катарда: Азимжан Ибраимов, Бакы Орунбеков, Султан Раев, Каныбек Иманалиев, Мамат Сабыров

— Ошол 1991-жылы «Кыргыз рухуна» берген интервьюңда «Мен 10 жылдан кийин президент болом» деп «балп» эттиргениң эсиңдеби?

— Эсимде. Өлкөнүн президенти болгум келеби, жан дүйнөмдүн президенти болгум келеби – эч ким тыюу салалбайт. Анын үстүнө генерал болууну эңсеген солдаттар бизде миңдеп саналат. Артыкча кыргыздарда. «Тагдырдын эрке баласы» деп койсоңор эле тайраңдап, кесир сүйлөбөйүн. Чамам жетеби, татыктуу боломбу, жер шарың ага чейин аласалып кетпейби, алтын башым аман болобу, көрө жаталы.

— Кийинки кезде биз «балээнин баары жетинчи кабаттан башталат?» деп калдык, анын сыңарындай бу кепке жетинчи кабатта жашаган Мелис Эшимканов кандай карайт?

— Акаевдин жардамы менен үй алганым, жөн албай, эң чокусуна, 7-кабатка конуп калганым кокустук тамашасындай. Так терезебиздин үстүндө керемет куштар: бактектер менен көгүчкөндөр жашайт. Куркулдап, сырдашып, ырдашып. Тыңшап турсаң, аңгыраган коңултак дүйнөң толот… Үйүмдүн батыш тарабына бассам, терезеден Славян университети, Почтампт, «Айчүрөк» универмагы, Чернышевский китепканасы, Опера жана балет театры, Цирк көрүнөт. Бир гана Ак үйдү бийик имараттар тосуп калган. Көрүнбөгөнүнө көңүлүм куштар. Ашканада тамак жеп отуруп кабинетинде жылмайган Аскар Акаевичти же кабагына кар жаадырган Апас Жумагуловичти көрүп турганымды элестетет. Какап өлмөкмүн.
Ал эми «балээнин баары жетинчи кабаттан башталары» чындыкка анчейин коошпойт. Советтик менталитеттен келаткан кулчулук психологиясы тушап жатпайбы. Балээнин баары — турмушубуздун чылыбырын Ак үйдүн 7-кабатына байлап койгон өзүбүздүн байкуштугубузда. Бул бир жагы. Экинчи жагынан, сөз жүзүндө эли үчүн өпкө-боорун чапкан аткаминерлер, иш жүзүндө алаканын эле чаап калышууда. Кубанганыбы, өкүнгөнүбү, түшүнүп болбойт.

— Өткөн жумада «Асаба» аркылуу президентке телеграмма урдуң. Орусча айтканда, делать нечего?

— Жазарын жазып алып, чыккандан кийин өкүнүп калдым. Үйрөнгөн адатты ташташ кыйын экен. Калганы текей оттоп жүргөнсүп, жалгыз Эшимканов күйчүдөй күйпөлөктөп, ашынган амбициялуу немедей көрүнүп калыптыр. Бармак тиштеп, өзүмдү сөктүм. Орусча айтканда, больше не буду.

— Макала жазганды да токтотосуңбу?

— Жок, телеграмма жазганды.

— Былтыр ушул маалда Акаевге чаң жуктурбай катуу колдодуң эле. Быйыл негедир муздай түшкөндөйсүң? Эл оозунда элек жок демекчи, госсекретарлыкты же вице- премьерликти бербей койгон үчүн эмеспи?

— Колдогонума өкүнбөйм. Ошондо «Слово Кыргызстана» гезити аркылуу айткам: «Я выбираю Акаева как наименьшее зло»,- деп. Ээрчий турган башка адамды көрбөдүм. Анын үстүнө, өзүмдү канчалык кыргыздан чыккан еврей дебейин, ишенчээктиктен да куру эмесмин. Президенттин жеке мага эмес, жалпы шайлоочуларына айткан убадаларына ишендим. «Эгер ал убадалар аткарылбаса, оппозицияга өтүшүм турулуу оокат» деп сага интервью берип, декабрда «Кыргыз рухуна» чыгаргансың. Андыктан «позициясы өзгөрүп баратат» дегендерге жообум ушул: Оюндун эрежесин бузган биз эмес. Мамиленин муздашы табийгый нерсе. Президент убакытка уттуруп жатат. Айткандарынын 10 процентин да аткара элек. Коррупциянын оңбогондой тамырланышын, карапайым калктын массалык жакырланышын, өкмөттүн өлүмсүк кебетесин көрүп туруп, ушунча полномочиеси менен А.Акаев радикалдуу чечкиндүү кадамдарга баргандан эмнеге коркот, түшүнсөм буйрубасын. Ана, Аманбаев баш көтөрдү кайрадан, партия түзүп. «Чү» дегенде эле А.Акаевди: «Честно признаться в своей негодности и добровольно уйти в отставку»,- деп үркүтүп чыгышты. Буларыңа ансыз да араң турган оппозициялык күчтөр, ошол эле Түштүк элитасы, М.Шеримкулов, А.Масалиев, А.Матубраимов, Ж.Сааданбеков, Ж.Рустенбеков, Б.Болотбеков, Ф.Кулов сыяктуу дөө-шаалар (буга толук негиз бар!), баш кошушса, плюс жумушсуздуктун, пенсия, пособие, айлык, стипендия жоктугунун азабын тарткан калың эл агылса, 2000-жылга жеткенди мындай кой, бир жылдын ичинде стабилдүүлүккө доо кетип, Акаев алапайын таппай калышы бышык. Азыр саясий интрига, маневрлар менен камырдан суурулган кылдай чыгалбайсың. Эр болсоң эми «Кыргыз Туусу» менен А.Карыпкуловдор коргоп алсын.

Ооба, Ак үйдүн 7-кабатына мурда чакырса барат элем. Падышабызга, журтубузга ак дилимден кызмат өтөйт болчумун. Бирок бир шарт менен: Аскар Акаев өзү өзгөрсө, руханий жактан тазаланса, 7-кабаттан жерге түшсө, кадрдык революциялык аракеттерге бара алса, аткаминерлерин чындап кулакка чапса, жеп-ичмейге сталиндик согуш жарыяласа, азап чеккен эли менен кошо ыйлап, үшүп, кыйналса барат элек. Кеп жалгыз мен, менин таарынчымда эмес. Не деген таза, профессионал, Ата Журту үчүн намыска турчу, курсактары салаңдабаган, бийликке манчыркабаган азаматтар жүрүшөт! Былтыр эсиңдеби, М.Кабылбеков, Д.Кыштообаев, сен, мен төртөөбүз болуп президент менен ачык сүйлөшүп отурганда сен: «Президенттикке шайланганда алгачкы кадамыңызды эмнеден баштайсыз?»- деп сураганыңда, А.Акаев: «Шоковая терапиядан. Анан жаш күчтөрдү чечкиндүү пайдалануудан»,- деп жооп берген. Канакей ал убадасы? Ал эми Эшимканов бүгүн эч жакка барбайт. Эс алат. Рухий дервиштиктин дүйнөсүн аралайт. Бийлик үчүн күрөштү дасыккан саясатчыларга бердим. Президенттик аппараттагы айрым чечектер мен жөнүндө ушак чыгарып убара болушпасын. Бул маегим эч кандай саясий максат көздөбөшүн бөркүңөрдөй көргүлө.

— Меке, сени саясаттагы чоң «картежниктердин» бири деп коюшат. Мындай суроо бергибиз келет: сенин оюңча кыргыз саясатынын «Туз көзүрү» ким?

— «Картежникти» тапкан экенсиңер. Муну баягы «Ош картасы» деген макалалар сериям үчүн чыгарышса керек. Анча болду, сурооңду жоопсуз калтырбайын. Менимче, «Туз көзүрү» — А.Акаевдин өзү. Азырынча. «Чырым тузу» — Кайып Оторбаев. «Ача тузу» — Майрам Акаева. Калган «карталар» мезгил-мезгили менен алмашып, кыйласы «критке чабылып» турушат.

— «Акаев жалгыз калды» деп көп жаздың, ал кишини жалгызсыратпай жаныңда ким болсо дейсиң?

— Өмүрлүк жубайы токтоо, кылдат, карапайым жан. Президенттин ысык-суугуна чыдап, жалгыздыгында накта медер болор, жаман көздөн коргоп, падышалык тактыдан түшкөн күнү да мээримин төкчү бир гана Майрам Дүйшөновна деп ойлойм. Ал эми анын «абышкасына» тийгизген таасири, саясаттагы орду, кадр маселесиндеги «статусу» — өзүнчө кеп.

— Сага дагы бир «кличка» жабышып жүрөт, «Отказник» деген. Мамлекет башчысынын ардактуу сыйлыктарынан, Кытай, Пакистан, Японияга жөнөткөн сапарларынан, Индияга элчи, «Акыл» концернинин төрагалыгы, өкмөттүн жаштар комиссиясынын башчылыгы кызматтарынан, андан соң бакыйган гезит менен партиянын жетекчилигинен, жеке жашооңдо арак-шараптан, колбасадан, тамекиден, той-топурлардан баш тартканыңды аңыз кепке айлантып жүрүшөт. Ушу чынбы?

— Чын. Шайтан аке башкарган бу дүйнөнүн толгон-токой азгырыктарынан баш тарталбасаң, Акыйкатка жетем дегениң маймылдын оюну.

— «Уккан кулакта жазык жок», досум. Сенин эч кимден коркпогон тайманбастыгыңды кылмышкерлер дүйнөсүндөгү авторитеттер, рэкеттер менен байланыштырып жүрүшөт. Мелис мырзанын чачынан бир тал түшсө, күнөөлүүлөрдү тигилер дароо жазалап коюшат имиш. Не дейсиң?

— Мен үчүн сонун, пайдалуу имиш экен. Болгону, мектепте окуп жүргөндө классташ, көчөлөш, «шайкалаш» достор бар эле. Пешенелерине ошондой жазылыптыр, айрымдары сен айткан чөйрөнүн закондору менен жашап калышты. Кино, китеп боюнча аларды «терс каарман» катары кабылдап калбадыкпы. А чынында сыртынан бокочо көрүнгөн ал жигиттер кээде бияктагылардан да адилет, таза, эркек мүнөз, адамгерчилигин жоготушкан эмес. Айда-жылда жолукканда сырдашып калабыз. А бирок бирөөлөрдөн өч алыш үчүн аларды жардамга чакырыш оюма да келбептир. Чакырбайм дагы.

— «Үч тамгадан» бетер суракка алдым, Меке. Дагы бир «секрет» суроо, Калмыкиянын президенти Кирсан Илюмжинов менен сенин жашыруун байланышың жөнүндө тактоо бере аласыңбы?

— Айтпайм. Анча-мынча сыр калтыртасыңбы сен? Же таптакыр ачык китептей окула берейинби?

— Айтылуу Түшүнүк катыңда «рухий дервиш болуп кетсемби» деп кыйыттың эле, бирок аяштын жанынан алыс чыкпай олтурганың эмнеси?

— Ар нерсенин өз сааты болот.

— «Жигит айтканынан, жолборс жолунан кайтпайт» деген кеп бар эмеспи?.. XXI кылымдын баш ченинде башталчу президенттик марафондон Мелис Эшимкановдун ысмын көрө алабызбы?..

— Кудайдын буйругуна, тагдырдын жазмышына ишенем. Тарыхтын сценарийи боюнча: «Тур, Мекечал, элиңди башкар»,- десе честь берип жөнөйбүз. Жок, «Бир жериңди кысып шүк отур»,- десе кысып отуруп калабыз. Өткөндө силердин гезитке кайран Топчуке Тургуналы: «Кыдырганга пулум жок, президенттикке шайлана албайм го»,- деп каңырыгы түтөп жатпайбы. Бир билгеним, 2000-жылдын тагдырын байлык чечпейт. Татыктуулар жетиштүү, Чынара Жакыпова, Дастан Сарыгулов, Марат Султанов, Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров.
Анын үстүнө, тирүү президент турса, алдыда төрт жылдык мөөнөтү жатса калдайып, бул кепти козута бергендик – жөнөкөй этикага сыйбастыр. Андан көрө Аскар Акаевден үмүт үзбөй турсак кантет?

— Ырахмат досум! Ак жол сага.

Маектешкен Султан РАЕВ,
“Кыргыз Руху”, 1996-жыл

P.S. Эки достун алгачкы таанышкандагы макала бу ШИЛТЕМЕде.

ФОТО: Мелис байкенин сүрөттөрү бир тууган иниси Эрнистин архивинен алынды.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.